Зыяндуу заттардын чыгуу ченеми жогору болгондуктан милиция айдоочуларга штраф сала баштады

Бишкектин үстүндөгү кара түтүн. Сүрөт: Виталий Белошапкин/ЛИВЕНЬ. Living Asia

Патрулдук милиция менен Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция Бишкекте абага зыяндуу заттардын чыгуу нормаларын сактабагандыгы үчүн машиналарды текшере баштады. Эреже бузгандарга 1000 сом штраф салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов «Клооптун» кабарчысына Бишкекте авто унааларынын түтүндөрү нормадан жогору болгон айдоочуларга штраф салына баштаганын тастыктады.

Мамэкотехинспекциянын ага инспектору Анарбек уулу Медетбек «Азаттык» үналгысына билдиргендей, адистер эреже бузгандарды аныктоо үчүн атайын түтүн ченегичтерди колдонуп жатышат.

«Жумуш өкмөттүн буйругу боюнча Бишкекте башталды. Ал бүткүл өлкө боюнча улантылат. Аба булгаган заттардын чыгуу нормасы жогору болгону үчүн штрафтын өлчөмү 1000 сомду түзөт», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков 16-январда «абага зыяндуу заттардын чыгышын төмөндөтүүнү» тапшырган. Өкмөт Бишкекте абанын булганышына авто унаалардан чыккан түтүн себепкер деп эсептейт.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына ылайык, авто унаалар абага бардык булгаган заттардын 75 пайызын чыгарат. Ал эми Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) абага зыяндуу заттардын болгону 14 пайызын чыгарат.

Исаков автомобилдерди техникалык кароодон өткөрүүнү кайра киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Декабрдын аягында Гидрометеорология агенттиги соңку айларда Бишкекте абада зыяндуу заттардын концентрациясы 2-3 эсе жогору болгону аныкталганын маалымдаган.

Агенттикте абанын булгануусун авто унаалардын көптүгү менен байланыштырышкан. Анын маалыматына ылайык, Бишкек 40-45 миң автомобилге ылайыкталган, бирок учурда калаада 500 миңден ашуун машина бар.


ТЕМА БОЮНЧА: