«Милиционерлер ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирилсе сотко бере алышат»

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиснин орун басары Ыманалы Саркулов маалымдагандай, милиционерлер өздөрүнүн уруксаты жок жарыяланган фото же видеого байланыштуу ар-намысын, кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрыла алышат.

Саркулов «Спутник» басылмасынын кабарчысына курган маегинде билдиргендей, милиция кызматкерлеринин аларды «адепсиз түрдө» тартып алган адамды сотко бергенге жарандык укуктары бар.  

«Мыйзамга эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбейт. Мен өткөндө кызматкер башка жарандар сыяктуу эле, эгерде ал адепсиз түрдө көрсөтүлгөн өзүнүн катышуусундагы фото же видеону интернетке чыгарышса, сотко кайрылууга укуктуу экенин эскерткем», — деп билдирди Саркулов.

Ал Жарандык кодекстин «Жеке мүлктүк эмес укукттарды коргоо», «Ар-намыс жана кадыр-баркты коргоо» ошондой эле, «Өз сүрөтүнө болгон укукту коргоо» беренелерине таянууда.  

«Эгерде, мисалы, күйөөсү аялын адепсиз түрдө тартып алган болсо, аялы аны сотко берүүгө укуктуу. Мыйзам буга ар бир жаранга укук берет, анын ичинде укук коргоо кызматкерине дагы. Ооба, милиционер — коомдук адам. Мейли аны видеого тартышсын, бирок жарялоо үчүн анын уруксаты керек», — деп белгиледи Саркулов.

Ал эгерде күбөлөр тарабынан жарыяланган фото же видеодо милиционердин мыйзам бузганы көрсөтүлсө, анда ЖКККББ текшерүүнү баштайт деп кошумчалады.

Юрист Эдил Эралиев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде кабарлагандай, милиционерлер фото же видеонун айынан сотко бере алышат, бирок жарандар өз материалдарын жарыялоодон мурда ЖКККББ менен макулдашышы керек эмес.

19-январда басма сөз жыйынында Саркулов милиция кызматкерлери тартылган видеону алардын уруксаты жок жарыялоого мыйзам тыюу салат деп билдирген.

Ошондон кийин «Сафари» кыймылынын жол активисттери ЖКККББнын жетекчисинин орун басарынын сөздөрү «ар бир адам маалыматты оозеки, жазуу же башкача ыкмалар менен жайылтууга укуктуу» деп айтылган Конституциянын 33-беренесине каршы келет деп маалымдашкан.

Алар өздөрү менен тилектеш жарандарды Саркуловдун үстүнөн башкы прокуратурага биргелешип арыз берүүгө чакырышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: