Ош: Улак тартышта кокусунан ат тебелеген 12 жашар бала көз жумду

Ош шаарынын Жапалак айылындагы улак тартыш оюнун көргөнү келген өспүрүмдү чабуулчу аты менен койдуруп кетип, ал ооруканага жетпей каза болду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, Жапалак айылында 23-январь күнү улак тартыштын чабуулчусу оюнду көрүп аткан 12 жаштагы өспүрүмдү аты менен тебелеп кеткен.

Сыдыков маалымдагандай, кырсык болгон жерде өспүрүм атасы жана бир тууган агасы менен болгон. Маркумдун туугандары кырсыкка шектелген 45 жаштагы оюнчунун үстүнѳн арыз берүүдѳн баш тарткан.

Ош милициясы окуяны «кокустук» катары каттоого алды.


ТЕМА БОЮНЧА: