Ош облусу: Өспүрүм айдаган «Лексус» оодарылып кетип, эки окуучу кыз каза болду

«Лексус RX-300» үлгүсүндөгү жол тандабас айдаган өспүрүм унааны башкара албай калып, натыйжада машина оодарылып кеткен. Машинанын салонунда мектепте окуган төрт кыз кыз болгон, алардын экөөсү каза болду.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде, жол кырсыгы 17-сентябрь күнү кечинде Ош облусунун Карамык айылында болгонун билдирди.

Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, машинанын рулунда ар кандай жаштагы мектепте окуган кыздарды ташып бара жаткан 17 жашар бала болгон.

Кайсы бир учурда ал машинаны башкара албай калып, унаа жолдон четтеп кетип, жээктеги аңгекке оодарып түшкөн.

«9 жана 16 жаштагы эки жүргүнчү кыз каза болду. Айдоочу менен эки жүргүнчү кызды оор абалда жергиликтүү ооруканага алып кетишти», — деп билдиришти Kloop.kgнин кабарчыларына ИИМдин басма сөз кызматынан.

Милициянын маалыматына ылайык, жол тандабас жабыр тарткан айдоочу баланын атасына таандык болгон.

Жол кырсык фактысы боюнча тергөө амалдары башталып, окуянын себептери аныкталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: