Жумакадыров каза болгон жол кырсыгындагы КамАЗдын айдоочусу күнөөнү мойнуна алды

«Спутник» басылмасы кабарлагандай, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмүнө алып келген жол кырсыгындагы КамАЗдын айдоочусу күнөөнү мойнуна алды. Өткөн жылдын октябрь айында болгон бул жол кырсыгында Жумакадыровду кошуп, үч адам набыт болгон.

Сот отуруму Чүй облусунун Москва райондук сотунда 25-январда өттү. Отурумга катышкан «Спутниктин» кабарчысы маалымдагандай, КамАЗдын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулу күнөөнү толугу менен мойнуна алган.

«Ошол таңда байкем экөөбүз Бишкекке келе жатканбыз. Жолдо мен "Жигулини" ашып өтөйүн дегем, жолдун каршылаш тилкесине чыгып, алыстан жолтандабасты көрүп калдым. Ага фаралар менен белги берип жатттым, бирок кеч болуп калган эле. Жолдун чекесине чыксам жолтандабас дагы мен КамАз менен бурулган жакка чыга калды. Натыйжада сүзүштүк», — деди Таалайбек уулу.

Отурумда айдоочудан тышкары КамАЗдын жүргүнчүсү Бекназар Шаршембаевди дагы суракка алышты. Ал билдиргендей, жолдо уктап келе жаткан, ал эми жол кырсыгынан кийин ооруканада ойгонгон. «Жол кырсыгынын натыйжасында менин бутум кабинада кыпчылып калган, андан кийин мени ооруканага жаткырышты», — деди ал.

Өкмөттүн аппаратынын иш башкармалыгынын юристтери зыянды 2,1 млн сомго баалашты. Айыпталуучу билдиргендей, зыяндын ордун толтуруп бере албайт. «Менин андай акчам жок», — деп келтирди айдоочунун сөзүн 24.kg басылмасы.

Жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары 8-январда аягына чыккан. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун автомобилин сүзүп алган КамАЗдын айдоочусу 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жумакадыров жана анын айдоочусу менен жардамчысы 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек — Кара-Балта жолунда каза болушкан. Жумакадыровдун машинасы күбөлөрдүн айтымында, жолдун каршылаш тилкесине чыга калган КамАЗ менен сүзүшкөн.

Вице-премьер-министр 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодогу добуш берүү участокторунун даярдыгын текшерүү максатында Талас облусуна кетип бара жаткан.

Шайлоо өнөктүгүнө чейин Жумакадыров жол кырсыктарынын саны өсүп кеткендиги үчүн жол коопсуздугуна жоопту болгон.

Учурда өкмөт жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган байкоо камераларын орнотууну шарттаган «Акылдуу шаар» долбоорун киргизип жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: