Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Борбордун иши үзгүлтүккө 26-январда учурап, анын кесепеттери азыркы күнгө чейин жоюла элек.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, ЖЭБдеги авария «кызмат адамдарынын өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктарынын» айынан болгон.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, жоопкерчиликти Өнөр-жай комитетинин, Улуттук энергетикалык холдингдин, «Электр станциялар» ишканасынын, Бишкек ЖЭБинин жана башка мамлекеттик органдардын аткаминерлери тартышат.

Жылуулук берүү борборунундагы авария фактысы боюнча «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

«Кылмыш иши тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. Керектүү эксперттик тыянактар алынгандан кийин бардык күнөөлүү адамдардын жеке жоопкерчиликтери аныкталып, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деди башкы прокуратура.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам кескин төмөндөй баштаган. Авария катуу суукка туш келип калган — соңку бир нече күндө абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин суук болууда.

Премьер-министр Сапар Исаков бишкектиктердин батирлерине жылуулук 30-январь күнү саат 16:00гө чейин пайда боло турганын убада кылган. Өкмөт башчы 29-январда маалымдагандай, жазага «жөнөкөй жумушчулар эмес, энергетика тармагына жооптуу жетекчилер тартылат».


ТЕМА БОЮНЧА: