Шадиев Мамэкотехинпекцияга Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себебин иликтөөнү тапшырды

Бишкек ЖЭБи

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын жаралыш себептеринин алдын ала талдоосун даярдоону тапшырды. Отчет ушул аптанын соңуна чейин даяр болушу керек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 5-февралда билдиргендей, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын пайда болуу себептерин иликтөө үчүн Шадиев башында турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

«[…] ведомстволор аралык комиссияга бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык ЖЭБде 2018-жылдын январь айында орун алган штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо тапшырылды», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Комиссиянын биринчи жыйыны 5-февралда өттү — вице-премьер Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга ушул аптанын соңуна чейин Бишкек жылуулук борборундагы авариянын жаралыш себептеринин алдын ала талдоосун даярдоону тапшырды.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча өкмөт мындан ары ушул сыяктуу авариялар кайталанбашы жөнүндө ойлонуп, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу менен бирге 31-январда өткөн праламенттин жыйындагы депутаттардын айткан сунуштарын эске алышы керек.

Комиссиянын курамына ар бир фракциянын депутаттары, бир нече министрлер, Бишкектин мэри, айрым мамлекеттик органдардын башчылары жана көз карандысыз эксперттер киришти — жалысынан 28 адам.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам кескин төмөндөп, ошондой эле, ысык суу жана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтириле баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: