Парламент Исаковдон жылуулук борборундагы авария боюнча жооп берүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) эмне болгону жана эмне үчүн шаардыктар жылуулуксуз калышканы жөнүндө премьер-министр Сапар Исаковдон кененирээк түшүндүрүп берүүсүн талап кылышты.

Парламенттин 31-январдагы жыйыны борбор калаадагы көп батирлүү үйлөрдө жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө урашына алып келген Бишкек ЖЭБиндеги аварияны талкуулоодон башталды.

Депутаттар жыйынга вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев эмес, премьер-министр Исаков келишин талап кылышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар саат 11:00дөн кийин Сапар Исаков келиши керектигин чечишти.

«Биз парламентпизби же кандай? Келсин, 13:00гө чейин суроолорго жооп берсин», — деп келтирди «Азаттык» «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сөздөрүн.

Айрым депутаттар, мисалы, «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Кенжебек Бокоев Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылды.

Бирок кызматтан кетүү идеясын Сапар Исаковдун КСДПдагы тарапташтары колдошкон жок — депутат Азамат Арапбаев болгон окуя үчүн парламенттин өзүндө да күнөө бар экенин айтты.

«Маселе төмөн тарифтерде да болууда. Каржылоо толугу менен болбогонунан улам авария болду. Башында маалыматты угуп туруп, андан соң кызматтан кетирүү жөнүндө айтууга болот», — деп келтирди 24.kg басылмасы Арапбаевдин сөздөрүн.

«Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн аракеттерине баа берген парлмаенттик комиссия түзүү керек экенин билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: