Исаков: «Акылдуу шаар» ишке киргенден кийин патрулчулар жолдо турбай калышат

Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Окмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек мэриясынын коллегиясында билдиргендей, эреже бузууларды видеого каттаган «Акылдуу шаар» долбоору ишке киргизилгенден кийин патрулдук милиционерлер айдоочуларды текшерүү үчүн жолдун чекелеринде турбай калышат.

Өкмөт башчы жыйын учурунда маалымдагандай, «Акылдуу шаар» ишке киргизилээри менен патрулдук милиционерлер камералар орнотулган машиналар менен Бишкекте гана жол коопсуздугун көзөмөлдөп калышат.

Исаковдун айтымында, «Акылдуу шаар» ишке киргизилгенден кийин укук бузуулардын саны «кескин төмөндөйт» — байкоо камералары Бишкек боюнча баардык жерлерге: базарларда, соода борборлорунда жана мектептердин жандарына орнотулат.

«Эгерде кандайдыр бир кылмыштуу укук буузалар болсо, адамдын сүрөтү жүктөлөт жана система аны бүткүл шаар боюнча издейт», — деп келтирди Исаковдун айткандарын «24.kg» басылмасы.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде учурда өкмөттө адистер маалыматтарды иштеп чыгуу менен алектенишкен башкаруу борборун түзүүнүн үстүндө иштеп жатышканын айтты.

«Азырынча биз ал жакта ИИМ, УКМК жана ӨКМдин өкүлдөрүн кошуп, 20 адам иштейт деп божомолдоп атабыз», — деди ал.

Бийлик «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Бишкектин көчөлүрүндө алгачкы камераларды январдын аягына чейин орнотууну убада кылышкан, бирок андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) камераларды орнотуу белгисиз мөөнөткө жылдырылганын маалымдаган.

«Хуавэй» менен келишим

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. Долбоорго инвестициянын өлчөмү 60 млн долларды түзөт. Камераларды орнотууга кеткен каражаттар инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөнүп турат.  

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, компания Бишкек менен Ошто 70 камера орнотот. Ал чогулган штрафтарды бир гана кыргыз тарап тейлей турганын кошумчалаган.

Долбоор бир жарым жылга эсептелген, ал аягына чыкканда камераларды мамлекеттик «Инфоком» ишканасы башкарат.

Инвестициялык келишимди 2015-жылы башталган каржы полициясы тарабынын «Хуавэйге» карата териштирүүлөрүнүн шартында түзүштү — тергөөнүн версиясы боюнча, кытайлык компаниянын Бишкектеги филиалы Эркештамдан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулатып көрсөткөн.

Буга байланыштуу каржы полициясы «Хуавэйдин» Бишкектеги кеңсесинин бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алган. Компаниянын Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленген.

Учурда бул териштирүүлөрдүн макамы белгисиз, ал эми өкмөт кызматташуу үчүн бул нерседен кандайдыр бир чектөөлөрдү көргөн жок.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча эреже бузууларды аныктаган камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар орнотулган.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат. Долбоор 60 млн долларга бааланган.


ТЕМА БОЮНЧА: