Парламенттин аткаминери эки айга тергөө изоляторуна камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировду эки айга тергөө изоляторуна камады. Аткаминерге бюджеттен 2 млн сомду өзүнө ыйгарып алуу боюнча айып тагылууда.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Закиров 8-апрелге чейин тергөө изоляторуна камакка алынган.

«Биринчи май райондук сот Закировго 10-февралда баш коргоо чарасын чыгарган. Тергөө маалында, Закиров УКМКнын тергөө изоляторунда болот», — деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттетин кызматкерлери Закировду 9-февралда 2 млн сомду өзүнө айгарып алуу жана документтерди жасалмалоо айыптары боюнча кармашкан.

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча, Закиров Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн 30 миң долларды Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына которуу боюнча документтерди жасалмалаган.

Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.


ТЕМА БОЮНЧА: