Комиссия Бишкек жылуулук борборундагы авариянын себептерин ачыктады

Бишкек ЖЭБи

Бийликтин билдирүүсүнө ылайык, январь айынын аягында Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария ишкананын кызматкерлеринин мүчүлүштүктү жоюу боюнча макулдашылбаган аракеттеринен, жабдыктардын жана имараттардын суукка даяр эместигинен, ошондой эле үчүнчү энергоблокту кошуу кечеңдегендиктен болгон.

Ведомстволор аралык комиссия ЖЭБдин кызматкерлери жабдыктын иштен чыгып калганын өз убактысында аныктап, мүчүлүштүктөрдү жоё албай коюшканын аныктаган. Анда айтылгандай, жылуулук тармагынын ар бир цехи өз алдынча иштеген.

«Ар бир цехтин жамааты өз алдынча аракет кылган, аварияны жоюу боюнча нускаманын талаптарына ылайык оперативдик жамааттын аракеттерин жалпылап координациялоо болгон эмес», — деп айтылат комиссиянын маалыматында.

Текшерүүнүн натыйжасында ЖЭБдеги авариянын келип чыгуусуна байланыштуу дагы бир себеп катары жабдыктар менен жылуулук тармактарынын имаратынын -30 градустук суукка даяр эмес болгондугу көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда комиссия ЖЭБдин жетекчилигине аномалдык суук болоору жөнүндө жана аварияны алдын алуу чараларды кабыл алуу боюнча эскертүү берилгенин аныктаган.

«Бишкек ЖЭБинин ишинде “Электр станциялардын” кызматкерлеринин милдеттерин, жетектөөчү документтерди жана эреже талаптарын аткарууда одоно ката кетирүүлөр болгон. Бул жылуулук берүүгө жооптуу болгон ЖЭБ жабдууларынын авариялык бузулуусуна алып келген», — делет комиссиянын отчётунда.


ТЕМА БОЮНЧА: