Экс-депутат Жусупали Исаев жол кырсыгынан каза болду

Жусупали Исаев. Сүрөт: КСДП

Ош — Исфана автожолунда парламенттин мурдагы депутаты Жусупали Исаев каза тапты. Анын жол тандабасы коюу тумандан улам жол четиндеги КамАЗды сүзүп алган.

Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков «Клоопко» билдиргендей, жол кырсыгы Ош — Исфана автожолунун 290-километринде 18-февралга караган түнү катталган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исаевдин «Ренж Ровер» үлгүсүндөгү жол тандабасы калың туманда жол четинде токтоп турган КамАЗды сүзүп алган.

«Кырсыктан жол тандабастын Жусупали Исаев аттуу жүргүнчүсү каза болуп, аял жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Айдоочусунун абалы жакшы, ал эч нерсе болгон эмес», — деди Арстанбеков.

Жусупали Исаев Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП фракциясынын депутаты болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: