Жогорку Кеңеш Казакстанда депутаттын кармалышы боюнча ишине кийлигишпейт

Жогорку Кеңеш жана спикер Казакстанда парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча тергөө иштерине таасирин тийгизбейт. Казакстандын атайын кызматы 15-февралдан 16-февралга караган түнү 29 адамды кармаган, алардын арасында кыргыз парламентарийи да болгон.

Маалымат саат 13:41де жаңыртылды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу «Азаттык» үналгысына билдиргендей, спикер Дастан Жумабеков жана парламенттин башка өкүлдөрү Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча ишин тергөөгө кийлигишпейт.

«Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет», - деп билдирген Ибраим Нуракун уулу.

Кыргызстандын башкы прокуратурасынан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, Казакстандын укук коргоо органдарына кармалган парламентарийди этапташташтыруу боюнча сурам жөнөтүлгөн.

Казакстандын атайын кызматы 15-фералдан 16-февралга караган түнү аткезчиликке шектелген 29 адамды колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзгөн. Кармалгандардын арасында Кыргызстандын төрт жараны, анын ичинде «Кыргызстан» фракциясынын парламенттеги депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-февралда өзүнүн кыргыз кесиптештерине Асылбек уулу кармалганы боюнча расмий тастыктоо жөнөткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: