Жээнбеков мектептерди беш күндүк окуу жумалыгына өткөрүү мыйзамына кол койду

Мектеп окуучулары. Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык мектептерин беш күндүк окуу тартибине которуу боюнча мыйзамга кол койду. 2017-жылдын январынан тарта өлкөдөгү мектептердин жарымы алты күндүн ордуна беш күндүк жумалыкка өткөн.

Жээнбеков мыйзамга 21-февралда кол койду — ал он күндөн кийин күчүнө кирет.

Парламент 10-январда үч окууда билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдогон, ага ылайык өлкөнүн бардык мектептери беш күндүк окуу жумалыгына өтүшү керек.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, беш күндүк окуу ситемасына өтүү окуучуларга жана мугалимдерге күч келтирбөө максатында керек.

«Жеке мектептер да аптасына беш күн окутушу керек, ал эми ишемби күндөрү балдар маданий иш чараларга, ийримдерге бара алышат же болбосо убакытты ата-энелери менен өткөрүшөт. Ал эми мугалимдер бул күнү эс алышы шарт», — деп түшүндүрдү Бекешев.

Өткөн жылдын январынан тарта өлкөнүн 75 пайызга жакын мектептери аптасына беш күн эле окуй башташкан, ал эми сабактарды тереңдетип окуткан гиманизия жана лицейлер балдарды алты күндүк тартипте окуутууну улантышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: