Ымыркайын өлтүрүүгө шектелген келин күнөөсү жок экенин билдирди

Жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүүгө шектелген аял билдиргендей, бала ара төрөлгөн жана ал «башка баласын коркутуп албаш» үчүн сөөктү керебеттин алдына катып салган. Учурда шектүү келин ооруканада даарыланууда жана кайтарууга алынган, ал төрөт маалында көп кан жоготкон.

Акыйкатчы институнун кызматкери Элбира Теңизбаева 21-февралда шектүү келинге Чүй облусунун төрөт үйүнө барган, ал Теңизбаевадан укуктук жардам сураган, анткени өзүн ымыркайдын өлүмүнө күнөөлүү эмес деп эсептейт.

Шектүүнүн айтымында, ал март айында көз жармак, бирок төрөт мөөнөтүнөн мурда башталып, бала ара төрөлүп калган — ал сөөктү анын алты жаштагы баласы көрүп калбашы үчүн керебеттин алдына катып койгон.

Акыйкатчынын өкүлү менен сүйлөшкөн келин ал ооруканага каттоого тура албай калганын билдирген, себеп дегенде ал окуя болгонго чейин иштеп жүргөн канаттуулар фермасында ага айына бир жолу эле эс алуу күнүн беришчү.

Шектүү күйөөсү менен ажырашып кеткенин жана үч баласы бар экенин айтып берген. Ошондой эле, ага балдарды багууга атасы жана байкеси жардам берип жүргөнүн кошумчалаган.

Теңизбаева акыйкатчынын институту анын ишин жеке көзөмөлүнө алганын жана сот жыйынан мониторинг жүргүзүлөөрүн айтты.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы (ИИБ) 18-февралда шектүү келинге каршы «Жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда ал төрөт маалында көп кан жоготкону үчүн ооруканада жатат.

Саламаттык сактоо министрилигинен кабарлашкандай, 32 жаштагы аял кош бойлуулугун жашырып жүргөн жана учурда анын абалы «оор» деп сыпатталууда.

Милициядан шектүү ооруканадан чыккандан кийин суракка алат. Мыйзам боюнча шектүү үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.


ТЕМА БОЮНЧА: