Жээнбеков Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок

Президент Сооронбай Жээнбеков өз аппаратынын башчысы Фарид Ниязовдун отставкага кетүү боюнча арызын кабыл алган жок. Ниязов бул кызматтан эмне үчүн кетүүнү каалаганы азырынча белгисиз.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Ниязов 24-февралда президентке анын аппарат башчылыгынан кетүү пландары жөнүндө айтканын билдирди. Ниязов эмне үчүн өз кызматынан кетүүнү каалаганы азырынча белгисиз.

«Ниязов 26-февралда президентке кызматтан кетүү боюнча арызы менен кирген. Бирок президент ага кол койбой, мындан ары бирге иштөөнү сунуштаган», — деп билдирди Стамалиева.

Анын айтымында, президент Ниязовго бир апталык эмгек өргүүсүн берген, анткени Ниязов 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоо учурунда Жээнбековдун штаб башчылыгында иштеп жүргөн кезден бери эс ала элек болгон.

Фарида Ниязовдун кызматтык жолу

Биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда Ниязов Тышкы иштер министрлигинин иш башкармасы жана ошондой эле, вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген. Кийинчерээк ал президенттин басма сөз кызматын жетектей баштаган.

Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда Ниязов эч кандай кызматтарды ээлеген эмес, бирок саясатка 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайтып келип, Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык аппаратынын жетектей баштаган.

Ниязов 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабын жетектеген.

Атамбаевдин жеңишинен кийин президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, ал кызматта 2011-2015-жылдарга чейин иштеген.

Ал 2015-жылдын октябрь айында президенттик аппаратты жетектей баштап, кийинчерээк президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалгандан кийин бул кызматтан кеткен.

2017-жылдын ноябрында мурдагы президент Атамбаев Ниязовду «жакшы увазир» деп атап, аны «Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Анын айтымында, Ниязов бул сыйлыкка «татыктуу» болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: