Исаков чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүү процессин жөнөкөйлөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик миграция кызматына чет элдик жарандар үчүн «өтө жай жана ыңгайсыз» лицензия берүү процессин бир аптанын ичинде оңдоону тапшырды. Алардын көпчүлүгү жумушка орношууга уруксат алууда «ыңгайсыз жана ачык эмес» процесске арызданышкан.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик миграция кызматынын ишин алар чет элдик жарандарга жумушка орношуу үчүн уруксатты өтө жай берип жаткандыгынан кийин сынга алды.

«Биз инвесторлорду жана жогорку окуу жайларга мыкты окутуучуларды тартып жатабыз, ал эми мамлекеттик органдар алардын өнүгүшүнө жол бербей, уруксат берүү процесси менен кыйнап жатышат. Мамлекеттик миграция кызматы үстүбүздөгү жылы жумушка орношууга уруксат берүү процессин создуктуруп салды. Квоталардын саны боюнча документтер өз учурунда иштелген эмес», — деди Исаков.

Исаков кошумчалагандай, чет элдик жарандардын көпчүлүгү жумушка орношууга уруксат алуу процесси «өтө жай, ачык эмес жана ыңгайсыз» болуп жатканына арызданышкан. Ал бир аптанын ичинде уруксат берүү процессин өзгөчө чет элдик инвесторлор, ишкерлер жана мугалимдер үчүн «тездетип жана жөнөкөйлөштүрүүнү» тапшырды.  

«Биринчи кезекте жумушка орношууга уруксат берүүдө кармалуулар орун албашы зарыл. Өкмөт жумушка орношууга уруксат алууга арыз берүү процессин ыңгайлаштыруусу керек. Ири ишканалар, бизнестер ачылыш үчүн жана эл аралык окуу жайлардан профессорлор келиши үчүн биздин  мыйзамдарыбыз, процедураларыбыз инвесторлор үчүн жагымдуу болушу шарт. Инвестициялар – бул экономиканын кыймылдаткычы, бул салыктын түшүүсү жана жаңы жумушчу орундардын пайда болуусу», – деди Сапар Исаков

Өкмөт башчы «Таза Коом» программасынын алкагында документтерди он-лайн тапшыруу, тийиштүү төлөмдөрдү аткарууга жана жумушка орношууга уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн платформа иштеп чыгууну жана ошондой эле, жумушка уруксаат берүүдөн баш тартуунун негиздүү мотивациясы үчүн так критерийлерди иштеп чыгууну тапшырды.

Исаков узак мөөнөттүү инвестициялык келишим же инвестициялык сунуш түзгөн чет элдик жарандардын жумушка орношууга уруксаат мөөнөтүн үч жылга чейин узартуу маселесин изилдеп чыгууну буйруду.


ТЕМА БОЮНЧА: