Баткенге учкан самолёт «Манаска» авариялык конуу жасады

Бишкек — Баткен каттамындагы RJ-85 учагынын сол кыймылдаткычы иштен чыгып, ал «Манас» аэропортуна конууга мажбур болду. Авариялык конуудан учактагы 96 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркаган жок.

Биринчи март күнү Бишкектен Баткенге сапар тарткан Tez Jet компаниясына таандык RJ-85 учагынын сол кыймылдаткычы иштен чыгып, жарым сааттан соң учак «Манас» аба майданын авариялык тилкесине конгондугун аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клоопко» маалымдады.

«Учак саат 14.22де абага көтөрүлгөн. Учкучтар самолёттун сол кыймылдаткычы иштен чыккандыгын айтып “Манас” аба майданынын авариялык тилкесине конууга уруксат сурашкан», — деди Курбанова.

Басма сөз катчынын айтымында, учак жарым сааттан соң аэропортко ийгиликтүү конгон.

«Самолётто 96 жүргүнчү болгон жана алар жабыркаган эмес. Учурда Жарандык авиация агенттиги окуяны иликтөө комиссиясын түздү», — деп токтолду басма сөз катчы.

Курбанова учак Tez Jet компаниясына таандык экендигин кошумчалады.  

Tez Jet компаниясынын маалымат кызматы окуя боюнча комментарий бере албастыгын билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: