Бажы жана салык кызматындагыларга 217 млн сомду уурдады деген шек менен кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 217 млн сом уурдалышынын айынан кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөрдүн арасында Салык жана Бажы кызматтарынын, ошондой эле, Экономика министрлигинин кызматкерлери бар.

УКМКнын маалыматына ылайык, жеке компаниялар товарларды киргизүүдөгү Кошумча нарк салык (КНС) боюнча отчетторду өз документтеринде салыкты жеке төлөмдөрү катары көрсөтүшкөн кызмат адамдарына тиешеси бар компанияларга катташкан.

«Бул схема боюнча, айрым юридикалык тараптар Кытай Эл Респуликасынан товарды импорттоодо келип чыккан кошумча нарк салыгын (КНС) ашыкча төлөп алгандыгы боюнча жалган отчетторду салык органдарына берип турушкан», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

2016-2017-жылдарда эле аталган юридикалык жактардын дарегине бюджеттен «негизсиз КНС калыбына келтирүүдөн» 217 миллион сом чыгым келтирилген.

Салык кызматынын басма сөз борборунан «Клооптун» кабарчысына мекеменин кызматкерлеринин коорупциялык схемаларга тийиштиги бардыгы себептүү кылмыш иши козголгонун тастыктап бере алышкан жок.

«УКМКнын маалыматы бир саат мурда чыкты. Тилекке каршы, бизде маалымат жок», — деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

Кыргызстандын бажы кызматынан «Клооптун» кабарчысына кылмыш иши козголгонун четке кагып же тастыктап бере алышкан жок. Алар баардык суроолор менен УКМКга кайрылууну сунушташты.

Ал эми экономика министрлигинен «Клоопко» маалымдашкандай, алар бул маалыматты тактап жатышат.  

«АКИпресс» басылмасы өзүнүн окурманына таянып, билдиргендей, «беткапчан адамдар» «Дордой» базарынын кампаларында тинтүү жүргүзүшүүдө, ал эми салык кызматы менен бажы терминалы курчоого алынган. УКМК бул маалыматты тастыктады.

«Иштин толук чоо-жайы кийинчерээк белгилүү болот», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

«Дордой» базарынын администрациясы комментарийлерге жеткиликсиз болуп чыкты.


ТЕМА БОЮНЧА: