Өзгөндө салаттан 15 киши ууланып, ооруканага түштү

Оштун Өзгөн районунун тургундары уулануу белгиси менен аймактык ооруканага түштү. Алардын ичинен үч кичинекей баланын абалы оор болгондугуна байланыштуу облустук жугуштуу оорулар бейтапканасына жөнөтүлдү.

Өзгөн шаарынын Новоселье көчөсүнүн 15 тургуну тамак-аштан уулануу белгиси менен бейтапканага түшкөнүн аймактык оорукананын башчысы Сатар Жусупов «Клоопко» маалымдады.

«Алардын төртөө жаш балдар болсо, экөө аял, калган тогузу эркек киши. Учурда үч жаш баланын абалы оорлошкону үчүн Ош облустук жугуштуу оорулар бейтапканасына жөнөтүлдү», — деди Жусупов.

Оорукана башчысынын айтымында, уулануу белгиси менен кайрылгандардын алгачкысы 12-март күнү эрте менен келген.

«Новоселье көчөсүнүн тургуну 11-мартта ашар кылып, кошуналарын чакырган экен. Алар тамакка кошуп жеген салаттан ууланганы болжолдоонууда», — деп токтолду Жусупов.

Дарыгер кошумчалагандай, учурда калган 12 кишинин абалы орто, аларга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: