Кара-Сууда өспүрүм кызды ала качкан 27 жаштагы кишиге кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 27 жаштагы тургун үйлөнүү максатында 9-класстын окуучусун ала качкан. Аталган факт боюнча «адам уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев «Клоопко» билдиргендей, 9-класстын окуучусун 13-март күнү эртең менен мектепке бара жаткан учурда ала качышкан.    

«27 жаштагы тургун 14 жаштагы мектеп окуучусун Ош шаарындагы үйүнө алып барган. Үйдөгү ызы-чуудан улам кошуналары милицияга кайрылышкан. Сурак учурунда ала качкан тургун көп убакыттын бери кызды аңдып жүргөнүн жана үйлөнүү максатында ала качканын айткан», — деди Ашырбаев.

Аталган факт боюнча «Адам уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Кара-Суу райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Басма сөз катчынын айтымында, окуучунун ата-энеси кызынын зордукталбаганын ырастоо үчүн аны медициналык экспертизадан өткөрүүдө.

Ашырбаев кармалган адам буга чейин үй-бүлөөлүү болгонун жана бир кыздын атасы экенин кошумчалады.


ТЕМА БОЮНЧА: