Сузакта үй-бүлө мүчөлөрү көмүр исине ууланып, атасы менен уулу каза болду

Жалал-Абаддын Сузак районунда көмүр исине ууланып үй-бүлө башчысы жана анын алты жашар уулу каза тапты. Жубайы менен үч жашар бала реанимацияда.

Сузак районунун Кайрагач айылында 14-мартка караган түнү бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү көмүр исине ууланып, 28 жаштагы атасы жана алты жашар уулу каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» маалымдады.  

«Алар Сузак районунун аймактык ооруканасына 14-март күнү эртең мененки саат 7ге чукул жеткирилген. Атасы менен алты жашар уулу бейтапканага келгенче каза болгондугу аныкталган», — деди Айгерчинова.

Басма сөз катчынын айтымында, үй-бүлө мүчөлөрү мешке жагылган көмүрдөн ууланган.

Айгерчинова кошумчалагандай, учурда баш мээси шишиген 26 жаштагы келин жана анын үч жаштагы уулу эсине келбей жандандыруу бөлүмүндө жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: