МККнын кызматкерлери авто унааларды «мыйзамсыз» киргизүүгө шектелүүдө

Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) караштуу Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин кызматкерлери өлкө аймагына «Лексус LX470» үлгүсүндөгү эки авто унааны «мыйзамсыз» киргизүүгө жардам беришкен деп шектелүүдө. Башкы прокуратура мамлекетке 2 млн 285 миң сом зыян келтирилгени үчүн кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура билдиргендей, 2017-жылы МККга караштуу Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин аткаминерлери жасалма документтерди колдонуп, «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү эки авто унааны катташкан.

«Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун маалыматына ылайык, бул авто унаалар тийиштүү бажы төлөмдөрүн өткөрүүсүз Кыргызстандын аймагына Грузиядан алынып келинген», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекетке 2 млн 285 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Башкы прокуратура «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Аткезчилик» жана «Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: