Күндүн саны: Мамкомиссия жеке компанияларга канча акчаны мыйзамсыз кайтарып берген?

Кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу боюнча өкмөттүк комиссия жеке компанияларга 800 миллион сомдон ашуун акчаны мыйзамсыз кайтарып берген — бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокуратурасынан билдиришти.

Анын Бишкектин прокуратурасы жана Бишкектин каржы полициясынын башкармалыгы менен биргеликтеги текшерүүсү аныктагандай, өкмөттүк комиссия КНСти жеке компанияларга кайтаруу боюнча чечимдерди мыйзамсыз кабыл алып турган.

«Комиссия 2016-жылдан 2018-жылдын январь айына дейре көзкөрүнө жасалма документтерди колдонуу жана жасалмалоо жолу менен товарлардын жалган экспорту үчүн кошумча нарк салыгын кайтарып берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен ордун толтуруп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Аталган комиссиянын төрагасы экономика министринин орун басары болсо, ага финансы министринин орун басары, Мамлекеттик  салык кызматынын төрагасынын орун басары, борбордук казыналык бөлүмүнүн жетекчиси, бажы кызматынын жана финансы полициясынын кызматкерлери мүчөлүк кылышкан.

2017-жылдын 3-февралына чейин кимиссиянын курамында УКМК башкармалыгынын жетекчисинин орун басары да болгон.

Башкы прокуратура Кылмыш-Жаза кодексинин беш беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду, анын ичинде коррупция жана документтерди жасалмалоо да бар. Бирок көзөмөл орган азырынча тагыраак кимдерге кылмыш иши козголгонун ачыктаган жок.


ТЕМА БОЮНЧА: