Акын Ормуков депутаттын арызы боюнча ТИЗОго камакка алынышына каршы чыгып, өз ичин тилип салды

Акын Темирлан Ормуков милициянын бөлүмүндө соттун аны тергөө изоляторуна (ТИЗО) камоо жөнүндө чечимине каршылык билдирүү максатында өзүнүн ичин устара менен тилип салды. Ормуковго каршы депутат Дастан Бекешевдин дарегине «коррупция боюнча жалган айыптоо» үчүн кылмыш иши козголгон.

Активист Адил Турдукулов «Клоопко» билдиргендей, Ормуков өз ичин милициянын бөлүмүндө сот аны тергөө изоляторуна камакка алуу токтомун чыгарганы үчүн тилип салганын билдирди. Ормуков депутат Дастан Бекешевдин дарегине «коррупция боюнча жалган айыптоо» иши боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат.

Акынды Улуттук кардиология борборуна алып кетишти, анткени анын «жүрөгүнүн абалы начарлап» кеткен. Ал эми Ормуков өзү «Азаттык» үналгысына мындай чара көрүүгө «аргасыздыктан» барганын билдирген.

«Мен эмне адам өлтүрдүм беле? Сот отурумдарына чакырууларга ылайык барып атам. Мен дагы эмне кылышым керек? Азыр жатам ичимди кармап. Тез жардам келди. Мени кайсы бир "пресс-хата" менен коркута башташты, бул эмне экенин да билбейм», — деди ал.

Бишкек ШИИБнин тергөө башкармалыгынын начальниги Сапарбек Аманкулов Ормуков милицияга депутат Бекешевдин арызы боюнча тергөө изоляторуна камакка алынаарын кабарлаш үчүн чакырылганын айтты.

«Ал жанына устара алып өтүп, анын жардамы менен өз ичин тилип салган. Бир аз эле кан болду, болгону бир эки тамчы. Аны кардиологиялык борборго алып кетишти, анткени анын жүрөгүнүн абалы начарлап кеткен», — деди Аманкулов.

«Журналисттер үчүн концерт»

Депутат Дастан Бекешев «Клоопко» курган маегинде Ормуков өз аракеттери менен «журналисттер үчүн концерт койду» деп билдирди. «Ал жакта концерт болду, кан таптакыр болгон жок да», — деди Бекешев.

Депутат Бекешев 2017-жылдын февралынын башында Ормуков аны коррупция боюнча айыптап жатканын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Ормуков болсо Бекешевди оң рулдуу автомобилдерди алып-сатуу менен алектенген ишкерлердин кызыкчылыктарын парламентте коргоо үчүн ири суммадагы акча алган деп айыптаган.

Бекешев Ормуковдун билдирүүсүн текшерүүгө алынышын талап кылган. Милиция Ормуков билдирген фактыларга далил таппай коюп, ага каршы кылмыш жасоо жөнүндө көзкөрүнөө жалган каралоо фактысы боюнча кылмыш ишин ачкан.

Ормуков ырлары аркылуу өзүнүн фэйсбук барагында президент Алмазбек Атамбаевди жана өкмөттүн аткаминерлерин сынга алгандыгы менен белгилүү.


ТЕМА БОЮНЧА: