Башкы прокуратура: Кыргыз бажычылары ишкерлерге 30 млн сом алым төлөөдөн баш тартууга жардам беришкен

Башкы прокуратура бажы кызматынын жумушчуларын Кыргызстанга оор жүк унааларды киргизүүдө ишкерлерге алымдарды төлөөдөн баш тартууга жардам беришкен деп айыптоодо — аларды трактор катары көрсөтүшкөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 30 млн сомду түзгөн. Бул факт боюнча «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, үч айда 2011-жылдын ноябрынан тарта 2012-жылдын январына дейре Кыргызстанга бажы алымдарын төлөөсүз 354 оор жүк унаасы киргизилген.

Мекеменин маалыматына ылайык, бажы кызматынын жумушчулары оор жүк унааларды трактор катары көрсөтүшкөн, анткени аларды киргизүү үчүн бажы алымы төлөнбөйт.

«Декларациялоодо "Жүктөрдү ташуу үчүн кыймылдаткычтуу транспорт каражаттары" деген "8704" коду берилиши керек болчу. Аталган код боюнча бажы алымы бажы баасынын 10 пайызын түзөт. Бирок декларациялоо учурунда "8701" коду — "трактор" деп берилген, бул код боюнча бажы алымынын коюму 0 пайыз», — деп айтылат башкы прокуратуранын маалыматында.

Көзөмөл органынан натыйжада бажы кызматынын жумушчулары мамлекетке 30 млн сом зыян тийгизишкенин билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: