Саламаттык сактоо министрлиги: «Ала-Тоо» ресторанында 249 адамдын ууланышына тооктогу сальмонелла таякчалары себеп болгон

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, «Ала-Тоо» ресторанында үлпөт тоюна келишкен коноктордун ууланышына тай рецепти боюнча даярдалган тоокто сальмонелла таякчалары табылганы себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз кызматы сальмонелла таякчалары Бишкекте жугуштуу оорулар бейтапканасына медициналык жардам сурап кайрылышкан оорулуулардан алынган продукциянын сынамынан табылганын кабарлады.

«Сальмонелла даяр продукциянын сынамынан гана табылгандыктан — чийки заттын сынамынан таякчалар табылган эмес. Демек продукцияларды бышыруунун технологиясы жана сактоо шарттары бузулганы жөнүндө жыйынтык чыгарса болот», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клооптун» кабарчысына 4-апрелде «Ала-Тоо» ресторанында ууланган 249 адам медициналык жардам сурап кайрылганын билдирген. Алар 31-мартта жардам сурап кайрыла башташкан — ошол күнү ресторанда үлпөт тою белгиленип жаткан.

Кайрылгандардын 249нун ичинен 130у Бишкектин жугуштуу оорулар бейтапканасында, мындан тышкары, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ооруканаларында станционардык даарылануудан өтүп жатышат.

Мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борбору «Ала-Тоо» ресторанын окуянын чоо-жайы билингиче убактылуу жапкан. 5-апрелде ресторандын ашканасында жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлөт.

Милиция массалык ууланууну фактысы боюнча «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ресторандын директоруна 20 миң сом, ал эми анын администраторуна 5 миң сом штраф салынган.


ТЕМА БОЮНЧА: