Башкы прокуратура: Журналист Алканованын иши кошумча тергөөгө жөнөтүлдү

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова иликтөөдө. Сүрөт: Kloop.kg

Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков «Ата-Мекен» фракциясынын парламенттеги жыйынында билдиргендей, журналист Элнура Алканованын иши кошумча тергөөгө кайтарылган. Алканованы Бишкектин чет жакасындагы хан сарайлардын сатылышы боюнча иликтөөсүнүн айынан банктык жашыруун сырды таратууга айыпташууда.

Казаков 6-апрелде «Ата-Мекен» фракциясынын жыйынында билдиргендей, башкы прокуратура журналистке каршы иштин материалдарын сотко жөнөтпөгөнүн кабарлады. «Биз аны кошумча тергөөгө кайтарып бердик», — деди башкы прокурордун орун басары.

Элнура Алканова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде анын ишин кошумча тергөөгө бир ай мурда эле жөнөтүшкөнүн билдирди.

«Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекетик кызматынын айыптоолорун анын негизсиздигине таянуу менен колдобой койду», — деди Алканова.

Алканова 13-февралда айып тагылган. Тергөөчүлөр ага Бишкектен чыгууга тыюу салышкан. Журналистке каршы кылмыш иши 2017-жылдын декабрында козголгон. Тергөөчүлөр аны банктык сырды таратууга шектешкен.

Алканова «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөрдүн сатылышы боюнча материалында «Байланышкан жана биригишкен адамдардын тизмесин» көрсөткөн «БТА банктын» документтерин колдонгон.

Алканованын иликтөөсү

Журналист өз иликтөөсүндө «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловду хан сарайлар шаарчасынын ыктымал сатып алуучусу жана аны бала кезинде чогуу окуган премьер-министр Сапар Исаковдун досу деп атаган.

Алканованын маалыматтары боюнча, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаков сатык иштери жүргүзүлүп жатканда банктын жетекчилик кызматына дайындалган.

Ал эми өз кезегинде өкмөт журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Ошондой эле, башкы прокуратура да премьер-министрдин «Идеал Хаустун» сатып алуу жана сатыкка чыгаруу ишине байланыштыгын четке каккан — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес. Маммүлк фондусунан билдиришкендей, «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасын сатууда эч кандай эреже бузуулар болгон эмес.

Бирок башкы прокуратура абалды түшүүнүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова менен «Фергана» басылмасы иликтөөдө Сапар Исаковдун бул ишке түздөн-түз тиешеси болгону жөнүндө ырастоолор жок деп билидиришип, жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: