Шадиев биринчи вице-премьерликтен кетүү тууралуу арыз жазды

Аскарбек Шадиев

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев парламенттин кызматкерлеринин биринин бюджеттик каражаттарды ыйгарып алууга байланыштуу кылмыш иши боюнча териштирүүлөрдүн айынан кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клоопко» Шадиев кызматтан кетүү боюнча арыз бергени тууралуу маалыматты тастыктады.  

Анын айтымында, биринчи вице-премьер-министр отставкага кетүүсүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров тарабынан бюджеттик каражаттарды ыйгарып алууга байланыштуу кылмыш иши боюнча териштирүүлөр менен негиздеген. Шадиев ошол учурда парламентте бул комитетти жетектеп турган.

Закиров парламенттин бюджетинен 2 млн сомдон ашуун акчаны ыйгарып алуу фактысы боюнча кармалып, ага каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

«Мен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын бийик тутуп, дайыма чынчылдык менен иштегем. Адилеттүү жана калыстык иликтөөнү камсыздаш үчүн өз кызматымдан кетүүм керек деп эсептейм. Президент менен премьер-министрге мага ишеним артышканы үчүн ыраазычылык билдирем», — деп келтирди «АКИпресс» басылмасы биринчи вице-премьер-министрдин айткандарын.

Кабылова премьер-министр жакын арада Шадиевдин отставкасы боюнча чечим кабыл алаарын кошумчалады.

Шадиев — Кыргызстандын тарыхында бир эле учурда парламенттин депутаттык жана өкмөт мүчөсү кызматтарында иштеген алгачкы аткаминер. Ал биринчи вице-премьер-министрлик кызматка 2017-жылдын 7-декабрында дайындалган.


ТЕМА БОЮНЧА: