Биринчи вице-премьер-министр Шадиев УКМКда сурак берди

Аскарбек Шадиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди суракка чакырды. Шадиев эл аралык иштер боюнча бөлүм башчы Арсен Закировдун парламенттен 30 миң доллар «уурдоо» боюнча ишине байланыштуу сурак берген.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 22-мартта суракка алынган. Сулайманов Шадиев УКМКга ким катары чакырылганын айткан жок. «Ал суракка чакырылган жана суракка алынды», — деди ал.  

Басма сөз катчынын айтымында, Шадиев жасалма документтерди колдонуу менен бюджеттин акчаларын ыйгарып алуу кылмыш иши боюнча суракка алынган.

Шадиев эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин төрагасы болуп турган кезде Закировдун 30 миң доллар которуу боюнча катына кол коюп берген. Тергөөнүн версиясына ылайык, кийинчерээк аны Закиров өзүнө ыйгарып алган.

Шадиев өзү «Азаттык» үналгысына курган маегинде документке «бул нерсени билбей туруп» кол коюп бергенин мойнуна алган.  

«Эгерде билсем кол койбот элем. Ал бир нече жылдан бери иштеп, бөлүмдү жетектеп келсе, анан "Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка акча бөлүш керек" деп айтса, албетте кол коесуң. Күнүнө абдан көп кагаздар келет. Албетте, мындай болуп калганына өкүнөм», — деди ал.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары 9-февралда кармалган эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров өтүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Закиров Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн 30 миң долларды Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына которуу боюнча документтерди жасалмалаган. Бирок парламенттин иш башкармалыгынын сурамынан кийин ассамблеянын катчылыгы каражат алынбагынын билдирген.

Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКга караштуу тергөө изоляторунда камакта.


ТЕМА БОЮНЧА: