Парламент кризис жөнүндө кептердин шартында өкмөттүн отчётун күтүүдө. Депуттаттар бул жөнүндө эмне деп атышат?

Сүрөт: Мирлан Токталиев/«Азаттык» үналгысы

Кыргыз ЖМКсы өкмөттүн отставкасы же парламенттик коалициянын таркашы (бул да министрлер кабинетинин оставкасына алып келет) ыктымалдыгына байланыштуу материалдарды байма-бай жарыялай баштады. «Клооп» парламенттин депутаттары менен мүмкүн болчу кризис жөнүндө сүйлөшүп көрдү.

Азыр бир нече басылмалар менен саясат тануучулар өкмөттүн оставкасы же көпчүлүк коалициянын таркашы жөнүндө версияларды чыгара башташты — мисалы, «К-Ньюс» басылмасы өздүк маалыматтарына таянып билдиргендей, КСДПнын депутаты Иса Өмүркулов премьер-министрлик кызматка талапкер болушу мүмкүн, ал эми «Азаттык» үналгысы бул маселени депутат Жанар Акаев менен талкуулаган.

Коалициянын таркашы мүмкүндүгү жөнүндө кептер депутаттардын арасында да болууда. Коалицияга кирбеген «Ата Мекендин» эл өкүлдөрү депутаттардын арасында пикир келишпестиктер бар деп айтышууда.

«Оппозициянын депутаттары дайыма каршы пикир билдиришет, алар коалициянын тезирээк ыдыроосуна кызыктар. Эгерде ал таркап кетсе өкмөт отчетун угузбастан отставкага кетет», — деп билдирген «К-Ньюс» басылмасына депутат Сайдулла Нышанов.

«Клооптун» журналисттери көпчүлүк коалицияга кирген депутаттардан коалициянын ыдырашы канчалык мүмкүн экенин жана алардын Сапар Исаковдун өкмөтүнө караштуу мамилелери кандай экенин сурап көрүштү.

Депутаттардын жообу көпчүлүгүндө окшош жана аларды кийинки тезистерге бөлсө болот:

• Коалициянын таркашы жөнүндө сөздөр — бул ушак;

• Биз өкмөттүн отчетун күтүп атабыз, андан соң жумуштарына баа берилет;

• Исаковдо катачылыктар бар, бирок ал иштеп жатат.

Айнуру Алтыбаева, КСДП:

Менин маалыматым боюнча, коалициядан чыгуу боюнча кептер жок. Учурдагы коалицияны биз түзгөнбүз, президент аны түзүүгө мандатты КСДПга берген. Ошондон кийин коалиция өкмөттү кураган. Ошондуктан азырынча коалициядан чыгуу жөнүндө сөздөр болгон жок.

Бизде ар кандай маалымат порталдары, телевизиондук каналдар көп, ар кандай сөздөр бар, бизде журналисттер жигердүү. Ар кандай сөздөр жүрүп атат. Менин колумда өкмөттүн отчету бар. Мен карап чыктым, көрсөткүчтөр жаман эмес, ИДП өсүп жатат, калкттын турмушунун сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөрүүлөр бар.

Өкмөттүн башка долборлору боюнча өзүнчө суроолор болушу мүмкүн. Парламентте өкмөттүн отчету бардык комитеттер менен фракцияларда кароодон өтөт. Мен азыр өкмөттүн жумушу боюнча бир нерсе айтыш кыйын деп ойлойм, отчетту окуп чыгыш керек.

Мен бүгүн премьер-министрдин ЖЭБ боюнча чечимин колдодум, Исаков акыр-аягы өкмөттүк комиссиянын тыянагын карап чыгып, Улуттук энергохолдингди жана «Электр станцияларды» жетектеген адамдар өз аракеттери же аракетсиздиктери үчүн жоопкерчилик тартуу керектиги жөнүндө чечим кабыл алды. Мен бул багытта премьер-министрди колдойм.

Дастан Бекешев, КСДП:

Мен [КСДП коалициядан чыгаар-чыкпасын жана өкмөт кетээр же кетпесин] убакыт көрсөтөт деп ойлойм. Өкмөттүн ишинде катачылыктар бар, бирок ал жигердүү иштеп жатат.

Анвар Артыков, КСДП:

Бизде [КСДП] андай кептер болгон жок. Бул ушак маалымат. Мен бир да депутаттан [коалициянын ыдырашы жөнүндө] сөздөрдү уккан жокмун. Расмий деңгээлде бул талкууланган жок.

Өкмөттүн отставкасы жөнүндө эч нерсе айта албайм. Мен [өкмөттүн] иши жөнүндө отчетту алдым, азыр аны карап отурам. ЖЭБ боюнча суроолор бар. Бирок биз комиссиянын өкмөттүн буга (ЖЭБдеги аварияга) канчалык күнөөсү бар экени боюнча чечимин угушубуз керек.

Мен ЖЭБ боюнча комиссиянын тыянагы качан даяр болоорун билбейм. Бирок мага аварияда адамдык факторду кошуп, одоно ката кетирүүлөр болгону жөнүндө белгилүү. Жылуулук борборундагы авария — бул таза шалаакылык. Комиссиянын жыйынтыгы менен өкмөттүн отставкасы жөнүндө маселе жаралып калышы мүмкүн деп ойлойм.

Мухтарбек Айнакулов, КСДП:

Ошол жөнүндө (коалициянын ыдырашы) мен эч нерсе укпапмын. Анын эмне кереги бар? Журналисттер дайыма кандайдыр бир сенсацияны каалашат, өлкөгө тынчтык керек. Коалициянын ыдырашы жана өкмөттүн отставкасы — бул ушак-айыңдар. [Исаковдун] жаш командасы иштеп жатат, катачылыктар болот, ал кимде гана болбойт.

Кубанычбек Нурматов, «Кыргызстан»:

Коалициянын ыдырашы жөнүндө сөздөр жүрүп атат, бирок парламенттин ичинде мындай ушактар жок. Биздин фракция көпчулүк коалициядан чыгуу жөнүндө маселени караган жок жана бул бул жөнүндө эч кандай сөздөр болгон жок.

Ошондой эле, премьерди отставкага кетирүү жөнүндө да кептер болгон жок. Парламентте өкмөттүн отчету каралат. Бүгүн Сапар Исаков Айбек Калиевди жана башкаларды бошотту.

Биздин фракция азырынча өкмөттүн отчетун карай элек. Менде азырынча өкмөткө доом жок, анткени азыр мен отчет менен тааныша элекмин жана эмне аткарылганы же аткарылбаганы жөнүндө эч нерсе билбейм. Отчетту караган соң биз баа бере алабыз.

Нурланбек Макеев, «Кыргызстан»:

Азырынча биздин фракцияда көпчүлүк коалициядан чыгуу тууралуу сөз болгон жок. Биздин фракцияда бул талкууланган жок. Башка фракциялар үчүн менен эч нерсе деп айта албайм. Коалициянын өзүндө биз бул себептүү териштирген да жокпуз.

Өкмөттүн отчету менен азырынча тааныша элекмин, ал жаңы эле келип түштү. Эмки жумада таанышып чыгам.

Игорь Чудинов, «Бир Бол»:

Мунун бардыгы жоромолдор. Коалициянын ыдарашы жөнүндө сөздөр болгон жок. Өзүмдүн пикиримди (Сапар Исаковдун өкмөтүнүн жумушу жөнүндө) мен парламенттин жана фракциянын жыйындарында айтып чыгам.

Авторлошу: Анна Капушенков