Freedom House: Кыргызстанда ЖМКга жасалган басымдан улам демократиянын көрсөткүчү төмөндөдү

Freedom Houseтун версиясы боюнча 2018-жылдагы өткөөл мезгилдин өлкөлөрү

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму «өткөөл мезгилдеги» 29 өлкөдө демократиянын деңгээлин 7 баллдык шкала боюнча баалаган. Кыргызстан анда 6,07 балл алып, акыркы жети жылдагы эң эле начар көрсөткүчкө ээ болгон.

Freedom House 2017-жылга карата 29 өлкөдө демократиянын деңгээли жөнүндө иликтөө чыгарды. Ал жакка мурда СССРдин курамына кирген же анын таасиринин алдында болгон Борбордук Европанын жана Борбордук Азиянын «өткөөл мезгилдеги» өлкөлөрү кирген. Өлкөлөр 1-7 баллга чейинки шкала боюнча бааланып, анда 1 балл демократиянын эң жогорку деңгээлин, ал эми 7 балл эң төмөн деңгээлин билдирет.

Укук коргоочулар өз иликтөөсүндө баа берүү үчүн жети ченөлчөмдү колдонушкан — шайлоо процесси, жарандык коом, көз карандысыз ЖМК, улуттук демократиялык башкаруу, жергиликтүү демократиялык башкаруу, юстиция системасынын көз карандысыздыгы жана коррупция көйгөйү.

Кыргызстанда демократиянын деңгээлин 6,07 балл деп баалашкан. Акыркы жылдары бул көрсөткүч жогору болчу. Мисалы, 2016-жылы укук коргоочулар Кыргызстанга 6 балл, ал эми 2015-жылы 5,89 балл беришкен.

«2017-жыл Кыргызстанда демократиянын келечеги үчүн бир беткей болгон жок. Өлкө бийлик тынч жол менен өткөрүлүп, ал эми мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бешинчи президенти болуп шайланганына күбө болду», — деп айтылат Freedom Houseтун отчетунда.

Бирок ошого карабастан, Кыргызстандын көрсөткүчтөрү көз карандысыз ЖМК жана шайлоо процесси делген ченөлчөмдөр боюнча төмөндөп кеткен.

«Шайлоо процессин баалоо кетип жаткан президенттин дайындаган талапкеринин пайдасы үчүн административдик ресурс байма-бай колдонулгандыгынын айынан төмөндөп кеткен. Мындан тышкары, бийлик шайлоого чейин президенттин саясий атаандаштарын куугунтуктап, эркиндиктеринен ажыраткан. Шайлоодон кийин утулуп калган талапкерге каршы кылмыш иши ачылган», — деп айтылат отчетто.

Уюмдун укук коргоочулары «көз карандысыз ЖМК» ченөлчөмү боюнча бааны «оппозициялык телеканалдын жабылышы» менен «президентти сындаган» журналисттерге каршы сот процесстеринин айынан азайтышкан.

Freedom Houseтун пикири боюнча, 29 өлкөнүн ичинен демократиянын эң эле жогорку көрсөткүчтөрү Эстонияда (1,82), Латвияда (0,07) жана Словенияда (0,7), ал эми эң эле төмөнү Азербайжанда (6,93), Өзбекстанда (6,89) жана Түркмөнстанда (6,89). Ал эми Казакстан 6,71, Орусия болсо 6,61 балл алган.

Кыргызстандагы шайлоо жана ЖМКга кысым

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтүп, анда бийчикчил Социал-демократиялык партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков уткан.

Президенттик шайлоодон кийин Башкы прокуратура Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгогон. Ага Ошто шайлоочулардын алдында сүйлөп чыкканы үчүн «улуттар аралык кастыкты козутуу» боюнча айып тагылган.

Беш айдан кийин анын үстүнөн дагы бир кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, Бабанов «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыктарды уюштурууга» шектелүүдө.

Айрым укук коргоочулар менен эл аралык байкоочулар билдиришкендей, шайлоо учурунда бийлик админ ресурс колдонуп, добуштарды сатып алып, шайлоочуларга басым көрсөткөн.

Президенттик шайлоо ошол кезде өлкө башчысы болуп турган Алмазбек Атамбаевдин ЖМКларга каршы соттук териштирүүлөрүнүн шартында өттү. Башкы прокуратура Атамбаевдин ар-намыс жана кадыр-баркын коргоо үчүн «Азаттык» жана «Заноза» басылмаларына каршы миллиондук доо арыздарды берген.

Бирок Башкы прокуратура Атамбаев «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кент менен жолуккандан кийин «Азаттыкка» каршы эки доо арызын чакыртып алган. «Азаттык» үналгысы — бул «Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын» Кыргызстандагы бөлүмү.

Бирок «Заноза» соттун бардык инстанцияларында утулуп калган. Басылма жана анын түүзүүчүлөрү Атамбаевге 27 млн сом төлөп бериши керек.


ТЕМА БОЮНЧА: