Президент Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Буга чейин парламент Жээнбековдун сунуштамасы боюнча Жолдубаеванын отставкасын бир добуштан колдоп берген.

Жээнбеков Жолдубаеваны отставкага кетирүү боюнча жарлыкка 13-апрелде кол койду. Буга чейин эки күн мурда депутаттар президенттин Жолдубаеваны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштамасын карашкан.

Башкы прокурордун отставкасы үчүн катталган 110 депутаттын ичинен 105и макул деп добуш беришкен. Жолдубаеванын отставкасына экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген социал-демократтар партиясынан эки гана депутат каршы добуш берген.

Президенттик аппаратттын жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев Жээнбековдун сунуштамасын прокуратура органдары кетирген эреже бузуулар «ишенимдин кетишине» алып келгендиги менен негиздеген.

«Президенттин дарегине жарандардан Башкы прокуратуранын аракеттери менен аракетсизигине каршы арыздар түшүүүдө. Бүгүн прокуратура органдары статистика органдарына айланып, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктары бузулушу үчүн шарттарды түзүп жатат», — деген ал.

Буга чейин депутаттар Жолдубаеваны парламентке жылдык отчет берүүгө келбей койгондугу үчүн сынга алышкан. Жолдубаеванын орун басары ал ооруп калгандыгына байланыштуу келген эмес деп билдирген.

Натыйжада парламенттин «Республика — Ата-Журт» жана «Ата Мекен» фракциялары башкы прокурордун отчетун канааттандыраарлык эмес деп табышкан.

Мындан тышкары, оппозициялык фракциялардын депутаттары депутаттары башкы көзөмөл органынын коррупциялык иштерин иликтөөсүн текшерген депутаттык комиссия түзүүнү талап кылышкан. Парламенттин спикери Дастан Жумабеков бул маселени талкулоону убада кылган.

Жолдубаеваны отставкага кетирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларын негизги кызматтардан бошотуунун шартында болду.

Мисалы, Жээнбеков 7-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевди, ал эми 4-апрелде Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди УКМКнын төрага орун басарлык кызматынан алган.

Жолдубаева башкы прокурорлук кызматка 2015-жылдын январында дайындалган. Анын учурунда прокуратура Атамбаевдин ар-намыс жана кадыр-баркын коргоп, «Азаттык» жана «Заноза» басылмаларына каршы доо арыздарын берген.  

Ошондой эле, Жолдубаеванын учурунда башкы прокуратура мурдагы президенттикке талапкер жана «Республика — Ата-Журт» партиясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго мындан тышкары, Жолдубаевага чейин башкы прокурорлук кызматты аркалаган Саляновага каршы кылмыш иштерин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: