Ош базарында өрттөн жабыркаган соодагерлер өкмөттөн чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылышты

Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг. Сүрөт: 24.kg

Бишкектин Ош базарынын ишкерлери 16-апрелде өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Бул «Берекет» базарындагы дээрлик 2 миң чарчы метр соода аянты күйүп кеткен өрт чыгуудан кийин болууда. Митингчилер өрттүн кесепетинен тарткан чыгымдарынын төлөп берүүнү талап кылышуууда.

Митингге чыккан соодагерлер «Клоопко» билдиришкендей, алар бийликтен тарткан чыгымдарын төлөп берүүнү жана өрттөнүп кеткен соода орундарын калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Митинг учурунда акцияга чыккандардын ичинен 10 адамдан турган делегация сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөттүн имаратына киришти.

«Биз өкмөт башчы, өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер министри менен жолугуштук.  [Сапар Исаков] соода орундарын бир ай же бир жарым айдын ичинде калыбына келтирип берүүгө аракет кылаарын айтты. Ошондой эле, ал базар өз ордунда калаарын да айтты», — деп кабарлады митингчилердин бири Бурулкан Абдраманова.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова Исаков митингчилер менен жолугушуу учурунда жумуш ордуларын калыбына келтирүү үчүн «бардык аракетин жумшаарын» убада кылганын айтты.

Анын айтымында, Ош базарында соода түйүндөрүн калыбына келтирүү иштери айрым ЖМКлар митингдин катышуучуларынын айткандарына таянып жазып атышкандай «эртең» эле башталбайт. «Биз азыр өрттөнүп кеткен базардын аймагына кирип, курулушту баштай албайбыз, анткени ал жакта азыр экспертиза жүргүзүлүүдө», — деди Кабылова.

Ош базарындагы «Берекет» соода орун жайларында 13-апрелде өрт чыккан. Бийлик өрттүн алдын ала келип чыгуу себептерин атайын өрттөө деп атаган.

«Өрт бир эле учурда эки-үч жерден чыккан, ошондуктан алдын ала версия азыр атайылап өрттөө», — деп айткан ошондо Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов.

Милиция базардагы өрт чыгуу фактысы боюнча «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» жана «Өр коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Тилсиз жоонун себептери техникалык-өрт эксперизасынан кийин аныкталат.

Сатуучулар тарткан зыян

Бийлик азырынча күйүп кеткен соода орундарынын жана келтирилген зыяндын өлчөмүн ачыктай элек. Бирок айрым соодагерлер «Клоопко» билдиришкендей, алар тарткан зыяндын өлчөмү миллиондогон сомдорго барабар.

«Биз бул жерде идиш-аяк сатчубуз. 2 млн сомдук товар күйүп кетти. Кызматкерлер бизге тоскоолдук кылышты, эгерде алар тоскоолдук жаратпаганда биз товарларды чыгарып кетүүгө үлгүрмөкпүз. Кароолчулар да бизге өрт жөнүндө кеч кабарлашты. Биз атайын өрттөө болгон деп ойлойбуз, бирок ким экенин билбейбиз», — деди сатуучулардын бири Арген Малабашов.

Башка сатуучу Курсанбек Мамасалиев «Клоопко» курган маегинде 4 млн сомдук товардан кол жууганын айтты.

«Биз 1996-жылдан бери иштейбиз. "Берекет" ачылганда бизге бул жерден орун беришкен. Биздин төрт ордубуз бар болчу, ал жакта 4 млн сомго жакын товар бар эле. Бул жердеги сатуучулар атайын өрттөө болгон деп айтышууда», —  деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкектин Ош базарындагы өрттүн кесепетинен жабыркаган ишкерлерге «мамлекеттик колдоо» көрсөтүүнү тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА: