Ош базарында жыл башынан бери үч жолу өрт чыкты. Эмнелер белгилүү?

Ош базарындагы өрт. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Бишкек шаарындагы «Берекет» базарында чыккан өрт өчүрүлө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги базарды атайын өрттөп салган деген божомолун айтты. Сатуучулардын өмүрүнө зыян тийген эмес, өрт өчүрүүчүлөрдүн бешөөсү медициналык жардам сурап кайрылышкан.

Тилсиз жоо болжолдуу таңкы саат 3тө «Берекет» базарында кийим-кечек жана самын каражаттары сатылган катарлардан чыккан. ӨКМге өрт чыкканы туурасында билдирүү саат 03:50дө түшкөн, окуя болгон жерге 10 өрт өчүргүч бригадасы чыгып кеткен. Өрттү саат 07:42де чектөөгө мүмкүн болгон. Азырынча өрт толугу менен өчүрүлө элек.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов журналисттерге кабарлагандай, өрттүн келип чыгуусунун алдын ала версиясы — бул атайылап өрттөө.

«Биздин адистердин айтымында, атайын өрттөө болгон. Өрт бир эле учурда эки-үч жерден чыккан, ошондуктан алдын ала версия азыр атайылап өрттөө», — деди Акматов.

Ал кошумчалагандай, өрт өчүргүчтөрдү тилсиз жоо чыккандан кийин дэрлик бир сааттан кийин чакырышкан. Өрт чыккан учурда базардын сатуучуларынын арасынан эч ким жабыркаган эмес.

Бишкек боюнча ӨКМдин башкармалыгынын начальнигинин орун басары Адылбек Чаргынов билдиргендей, «Берекет базарынын» борбордук имаратын толугу менен өрт каптап кеткен.

«Бизге белгилүү болгондой, өрт үч жерден чыккан. Ар бир жерден сынам алынат. Өрт боюнча билдирүү абдан кеч түшкөн», — деди ал.

Өрт чыккандан кийин Ош базарынын соода-сатык катарлары. Сүрөт. Эмил Султаналиев

Мындан тышкары, премьер-министр Сапар Исаков да тилсиз жоонун чыгышына атайын өрттөө себеп болгонун билдирди.

«Мен эртең менен бардыгын чогултуп, ИИМден маалымат алдым. […] Кемероводогу өрттөн кийин кескин текшерүү болгон, Ош базарына да барганбыз. Бул атайын өрттөө», — деди өкмөт башчы.

Милиция базардагы өрт чыгуу фактысы боюнча «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» жана «Өр коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Тилсиз жоонун себептери техникалык-өрт эксперизасынан кийин аныкталат.

Тез жардам кызматындагы жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов беш өрт өчүргүч кызматкер медициналык жардам сурап кайрылганын билдирди.

Алардын төртөөсү өрттөнүп жаткан продукцияларга ууланып калышкан, ал эми дагы бирөөсү экинчи даражадагы термикалык күйүк алган.

Калаа башчысы Албек Ибраимов билдиргендей, мэрия өкмөт менен базарды шаардын чет жакасына жылдыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жургүзүүдө.

«Ош базарында соода түйүндөрү ашыкча көбөйүп кеткени байкалууда. Бизде мындай базарларды шаардын тышына чыгаруу долбоору иштелип чыккан. Азыр өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди ал.

Сатуучулар тарткан зыян

Өрт өчүргүч кызматкерлер сатуучуларды өрт чыккан жерге жолотпой коюшкан, ошондуктан алардын көпчүлүгүн товарлары күйүп кеткен.

«Биз бул жерде идиш-аяк сатчубуз. 2 млн сомдук товар күйүп кетти. Кызматкерлер бизге тоскоолдук кылышты, эгерде алар тоскоолдук жаратпаганда биз товарларды чыгарып кетүүгө үлгүрмөкпүз. Кароолчулар да бизге өрт жөнүндө кеч кабарлашты. Биз атайын өрттөө болгон деп ойлойбуз, бирок ким экенин билбейбиз», — деди сатуучулардын бири Арген Малабашов.

Сатуучулар окуя болгон жерде. Сүрөт. Эмил Султаналиев

Башка сатуучу Курсанбек Мамасалиев «Клоопко» курган маегинде 4 млн сомдук товардан кол жууганын айтты.

«Биз 1996-жылдан бери иштейбиз. "Берекет" ачылганда бизге бул жерден орун беришкен. Биздин төрт ордубуз бар болчу, ал жакта 4 млн сомго жакын товар бар эле. Бул жердеги сатуучулар атайын өрттөө болгон деп айтышууда», —  деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Атын атагысы келбеген сатуучулардын дагы бирөөсү «Клооптун» кабарчысына базарда өрт коопсукздугу үчүн эч ким жоопту болбогонун айтты.

«Текшерүүгө эч ким келбейт. Архитектурадан келишпейт, мамэкотехинспекциядан келишпейт. Өрт коопсуздугу үчүн эч ким жоопту эмес», — деди ал.

Бийлик азырынча күйүп кеткен соода түйүндөрүнүн так санын ачыктай элек жана кийинчерээк зыяндын өлчөмүн баалашат.

Ош базарынын сатуучулары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митингде. Сүрөт: «АКИпресс».

Түшкө жакын сатуучулар соода түйүндөрүн калыбына келтирүү жана кун төлөп берүү талабын коюп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты.

Митингчичердин арасынын он киши парламенттин спикери Дастан Жумабеков менен жолугушуу үчүн Жогорку Кеңешке кирип кетишти. Митингчилер насыя боюнча төлөмдөрдү токтото туруп, чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү суранышкан арыз жазышкан.

Премьер-министр Бишкекте Ош базарда өрттүн кесепетинен жабыркаган ишкерлерге «мамлекеттик колдоо» көрсөтүүнү тапшырды.

Ош базарындагы өрт чыгуулар

Базарда биринчи жолу тилсиз жоо 30-январда чыккан, анда «Сейтек» базары өрттөнүп кеткен. Ошол учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өрттүн чыгышына зымдардын тийишип кеткени себеп болгонун айткан. Өрттүн жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзүп, «Сейтек» базарында 108 соода түйүнү, ал эми «Берекет» базарында 8 контейнер өрттөнүп кеткен.

Бийлик зыян тарткан ишкерлерге кун төлөп берүүнү сунуштаган. Өтүнмө тапшырган 150 адамдын ичинен 74ү гана иш жүргүзүү патентин көрсөтө алышкан — алар өкмөт патент боюнча төлөмдүн мөөнөтүн жарым жылга жылдырып бере турган тизмеге киришкен.

Экинчи жолу Ош базарында өрт кайрадан «Сейтек» базарында 5-март күнү эртең менен чыккан. Анда 700 чарчы метрге чукул соода аянты күйүп кеткен. Ишкерлер чыгымдын өлчөмүн 100 миң сомдон миллион сомго чейин баалашкан. Зыянды баалоо боюнча комиссия азырынча өз ишин жыйынтыктай элек.

Авторлоштору: Айсымбат Токоева, Эмиль Султаналиев, Алмир Алмамбетов

ТЕМА БОЮНЧА: