Премьер-министр Финансы полициясынын башчылыгына Атамбаевдин мурдагы жансакчысын дайындады

Болот Сүйүнбаев

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Сапар Исаков Экономикалык кылмаштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Замирбек Осмоновду ээлеген кызматынан бошотуп, анын ордуна 7-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрага орун басары жана мурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Болот Сүйүмбаевди дайындады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Исаков Осмоновду финансы полициясынын башчылыгынан бошотуп, анын ордуна бул кызматка Сүйүмбаевди дайындоо боюнча буйрукка 16-апрелде кол койгон.

Сүйүмбаев 7-апрелде ал 2015-жылдан тарта УКМКнын төрага орун басары болуп келген кызматынан бошотулган. Сүйүмбаев — экс президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы.

Замирбек Осмонов финансы полициясын 2017-жылдын январынан тарта жетектеп келген. Бул кызматка аны ошол кезде премьер-министр болуп турган Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков дайындаган. Буга чейин Осмонов Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болчу. Ал Салык кызматында 2010-жылдан тарта ар кандай кызматтарда иштеген.

Күч түзүмдөрүнүн башчыларын алмаштыруу

Соңку жарым жылда жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында күч органдарынын дээрлик бардык жетекчилери алмашты.

Жээнбеков бийликке келгенден кийин бир ай өткөн соң Коопсуздук кеңешинин катчысы да алмашып, Алмазбек Курманалиев өз кызматынан кеткен.

Соңку айда УКМКнын дээрлик бардык жетекчилери алмашты. Биринчи УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызматтын директору Дүйшөнбек Чоткораев өз кызматынан кеткен. Андан соң отставкага Атамбаевдин мурдагы жансакчысы жана УКМКнын төрага орун басары Дамир Мусакеев кеткен. Ал эми 7-апрелде Жээнбеков УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүмбаевди ээлеген кызматтарынан бошоткон.

Мындан тышкары, президент ээлеген кызматынан башкы прокурор Индира Жолдубаеваны да бошоткон. Бул отставкалар Жээнбеков күч түзүмдөрүн сынга алгандан кийин болду. Анда президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында, күч органдары «коррупция менен натыйжасыз күрөшүп жатат» деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: