Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун кабыл алды. Эми эмне болот?

Парламенттин депутаттары көпчүлүк добуш менен Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө вотумун колдошту. Чечим парламентте талкуусуз кабыл алынды.

Депутаттардын 101и өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушу үчүн добуш беришти — бул президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун министрлер кабинетин отставкага кетирүү керек же керек эместигин чечиши керек дегенди билдирет.

Парламентте добуш берүү талкуусуз өттү.

Өкмөттү отставкага кетирүү үчүн мурдараак Исаковдун отчётун колдоп беришкен депутаттар да добуш беришти — бул анын КСДП менен «Кыргызстан» фракцияларындагы партиялаштары.

Депутат Исхак Масалиев «Клоопко» курган маегинде Жогорку Кеңеш жакында бул сунушту президенттин кароосуна жөнөтөөрүн айтты.

Эгерде Жээнбеков депутаттардын дооматына макул болсо, анда Исаковдун өкмөтү отставкага кетет — бул парламент кайра башынан министрлер кабинетин түзүүгө жана жаңы өкмөт башчысын шайлоого аргасыз болушат дегенди билдирет.

Вотумга болгону беш депутат каршы добуш берди: Дастан Бекешев, Данияр Аттокуров, Руслан Казакбаев, Мурадыл Мадеминов жана Табылды Тиллаев (кийинчерээк ал кнопканы адашып басып алганын, чындыгында макул деп добуш бергенин айтты).

Депутаттары ишеним көрсөтпөө чечимин оппозициялык фракциялар өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун колдобой коюшкандан кийин болду. «Ата Мекен», «Өнүгүү — Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары 17-апрелде Исаковдун өкмөтүн сынга алышкан.

Өкмөттүн ишин талкуулоо тогуз саатка чейин созулуп кеткен. Бул убакыт аралыгында оппозициялык депутаттар Исаковдон көптөгөн нерселерди, «Лиглас» жана «Хуавэй» компаниялары менен жүзөгө ашпай калган иштерден баштап Тогуз-Тородогу араздашууга чейин сурашкан.

Ал эми Исаков өзү катачылыктарын моюнга алганы менен өлкө экономикасы көтөрүлүп, эл аралык рейтингдерде көрсөткүчтөр жакшырганын жана «Таза коом» сыяктуу мамлекеттик долбоорлор жөнүндө айткан болчу.

Исаковдун өкмөтү

40 жаштагы Исаков өкмөттү 2017-жылдын августунда жаңы команда менен жетектей баштаган. Бирок акыркы жарым жыл ичинде бул команданын ичинен болгону эки гана адам калган.

Исаковдун өкмөтү мамлекеттик органдар менен өз ара байланышты жеңилдетүүгө байланыштуу өзүнө көптөгөн долбоорлорду камтыган мамлекеттик «Таза коом» программасын жүзөгө ашырууга багытталган.

Исаков өзү — азыр Кыргызстандын Социал-демократтар партиясын (КСДП) жетектей баштаган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосунун алдындагы кадр.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да КСДПдан чыккан. Бирок соңку бир нече аптада Атамбаев ал менен жашыруун тирешүүгө киришип, аны айрым бир билдирүүлөрү менен кадрдык чечимдери үчүн сынга алган.

Жээнбеков өз кезегинде күч түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды ээлеп турган Атамбаевдин тарапташтарын биринин артынан бирин оставкага кетирип, ошол эле учурда ал мурдагы президентке карата өзүнүн мамилесин ачык түрдө көрсөткөн жок.

ТЕМА БОЮНЧА: