Өкмөт «Акылдуу шаар» боюнча «Хуавэй» менен кызматташуудан баш тартты

Кыргызстандын өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимден бир тараптуу чыкты. Ага теңата инвесторлордун долбоор мөөнөтүн сактабаганы себеп болгон.

Маалымат саат 17:30да жаңыртылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 14-мартта билдиргендей, кыргыз тарап кытайлык өнөктөштөр тарабынан милдеттенмелер аткарылбагандыгына байланыштуу «Хуавэй» компаниясы менен кызматташтыкты токтотту.

«Консорциуму тарабынан КР Өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес. Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» журналистине билдиргендей, эми өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү үчүн эл аралык инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү издейт.

«Биз үчүн бул артыкчылыктуу долбоор, биз ансыз деле эки айдан ашык убакыт күттүк. Азыр биз өз күчүбүз менен эл аралык донорлордун жана бизнес-тармактарынын жардамын тартабыз. Долбоор жылдырылбайт, бирок биз анын ишке ашырылышын модификациялайбыз», — деди Кабылова.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсенкул Момункулов Кыргызстандын өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү үчүн «Хуавэйдин» ресурстарын колдонууну каалаганын айтты.

«Теңата инвесторлор долбоордун ишке ашырылышын создуктуруп жатышканына байланыштуу жана ошол эле маалда жолдордо биздин жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кырдаал оор бойдон калып жаткандыктан биз бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», — деди Момункулов.

Өкмөт 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү 60 млн долларга бааланган. Өкмөт камераларды орнотууга кеткен каражаттарды инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөп турууну пландаган.

Бийлик алгачкы камераларды Бишкек менен Оштун жолдорунда январдын аягында эле орнотууну убада кылган.

Бирок январдын аягында камераларды орнотууну «Хуавэй» Кыргызстанга камераларды алып келе элегине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырышкан.

Инвестициялык келишимди 2015-жылы каржы полициясы «Хуавэйди» Эркештамдан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулатуу боюнча айып такканына карабастан түзүшкөн.

Буга байланыштуу каржы полициясы «Хуавэйдин» Бишкектеги кеңсесинин бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алган. Компаниянын Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленген.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар пайда болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: