Сапар Исаков КСДПда Атамбаевдин орун басарлыгына дайындалды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынынын (КСДП) төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Саясий кеңеш ал жана башка талапкерлер үчүн добуш беришти.

Исаков 27-апрелде КСДПда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин орун басарлыгына дайындалды. Мурдагы премьер-министр менен кошо ушул эле кызматты депутаттар Асел Кодуранова менен Мурадыл Мадеминов да ээлеп калышты.

Бул эмне үчүн маанилүү? Бул анчейин маанилүү болбосо деле, анын дайындалышы Атамбаев Жогорку Кеңеште Исаковдун премьер-министрликтен отставкага кетиши үчүн добуш беришкен социал демократтарга караганда Исаковду дагы деле колдоп жатканын көрсөтүп турат.

Исаков өкмөттү болгону 8 ай жетектеп, жыйынтыгында анын парламенттеги кесиптештери ага каршы добуш беришип, ал эле эмес анын дагы бир партиялашы, учурдагы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков аны отставкага кетирүү жөнүндө жарлыкка кол коюп берди.

Сапар Исаков «Апрель» телеканалына курган маегинде парламенттин чечимине капа экенин айтты, анткени буга чейин бир нече комитеттер менен фракциялар өкмөттүн 2017-жылга карата отчетун жактырышкан.

«Мен ар адамдын жана саясатчынын принциби болушу керек деп эсептейм. Эгерде ал өз позициясын билдирип, аны карманса, келечеги бар саясатчы же партия бул позицияны аягына чейин карманышы керек [...] Биздин парламент саясий өлүккө айланып бараткансыйт. Парламент өзүнүн кудуретсиздигин көрсөтүп жаткансыйт», — деген Исаков.

Контекст: Сапар Исаковдун КСДПда дайындалышы мурдагы жана учурдагы президенттердин тарапкерлери болуп бөлүнүп калган социал-демократтардын арасындагы тымызын араздашуунун шартында болуп жатат. Бирок Атамбаев да, Жээнбеков да, депутаттар өздөрү да КСДПда араздашуу болуп атканын түз ачыктабай жатышат. Бирок, ошентсе да алардын ичинен айрымдары партиядагы «эмоционалдуу жолугушуулар» жана «көйгөйлөр» жөнүндө айтышууда.

ТЕМА БОЮНЧА: