Апрель айында белгисиз адамдар Мукарам Токтогулованын «Ата Жолына» байлашыштыгы бар болушу ыктымалдыгы жөнүндө плакаттарды чаптап кетишкен.

«Клооптун» редакциясы Борбор Азиядагы Америка универстиненин (БААУ) мугалими Мукарам Токтогулова менен байланышты. Аны белгисиз адамдар экстремисттер менен байланышы бар деп айыптап, «Ислам мамлекетинин» атынан Бишкектин бийлигине кайрылуу жасашкан. Токтогулованын орус тилинде жазган катын кыргызчага которуп, кыскартуусуз сунуштайбыз.

Мен 25-апрелден бери жумуш менен чет жакта командировкада жүрөм. Бул көптөн бери эле пландалган расмий иликтөө командировкасы. БААУда муну тастыктаган, ал эле эмес командировканын бюджетин, мөөнөтүн жана максатын тастыктаган бардык документтер бар. Ошондой эле, авиабилеттин көчүрмөсү да колумда.

Жаралган кырдаал боюнча төмөндөгүлөрдү айтып бере алам:

Биринчи айыптоолор мени сектачы жана студенттерди өзүнүн тил ийримдери аркылуу «Ата Жолы» сектасына тартып жатат деп жазып чыгышкан коомдук тармактарда башталды.

Мен репетиторлук кылбай турганымды айтып, ал маалыматты төгүндөгөм, анткени мен англис тилин үйрөткөн адиси эмесмин. Мен ошондой эле, «Ата Жолы» сектасы менен тааныш эместигимди айткам.

Кийинчерээк интернеттен бул секта мен акыркы жолу 2001-жылы 2-3 күнгө барып келген Казакстанда ишмердүүлүк кылаарын окуп калдым. Ал кезде мен КАЗГУнун филология факультетине баргам.

Биринчи айыптаган маалымат пайда болоору менен белгисиз адам БААУга чалып, менин жумуштан бошотулушумду талап кылган. Бирок ага бул маселени талкуулоо үчүн БААУга келип кетүү сунушталганда, ал телефон аркылуу гана сүйлөшүүнү каалаарын айтып, баш тартып койгон.

Ал жашыруун коңгуроо кылуу менен эч максатына жетпесин түшүнгөн соң, мени исламчылар менен байланыштырган видобилдирүүлөрдү жайылта баштаган. Биринчи версия боюнча мазарларга сыйынган сектачы кандайча исламчылардын «эжеси» болуп чыга келгени түшүнүсүз. Мазарларга сыйынууну ислам кабылдабасын билүү үчүн окумуштуу болуунун кажети жок.

Кийинчерээк, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, аларга БААУда бомба коюлгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн.

Бирок мен ал кезде чет өлкөдө болчумун. Ал учурда телефонум, менин мегаком сим-картам да жанымда болчу. Мага менин сим-картам өзүмдө жүргөндө кантип жана кандайча менин номерим аркылуу телефон чалуу кылганы түшүнүксүз.

«Бомба» тууралуу маалыматтан кийин адамдарды БААУдан эвакуациялоо. Сүрөт: Юрий Машталир

Мени каралагысы келгендер мен Кыргызстанда эмес экенимди билишкен эмес жана алардын мага айып тагуу боюнча үчүнчү аракети максатка жеткен жок. Видекайрылууда алар орусча, бирок акцент менен сүйлөшүп, бирок телефон чалуу кыргыз номери аркылуу болуп, БААУнун шаардык номерине белгисиз киши Бишкектен чалган. Мен бул маалыматтардын бардыгын укук коргоо органдарына өткөрүп бергем, алар иликтөө жүргүзүп атышат.

Мен 2003-жылдан тарта ислам изилдөө ишин алып барып келем, ал эми мазарларды 11 жыл мурда бир долбоордун алкагында изилдегем. Эмне үчүн бүгүнкү күндө менин изилдөө тажрыйбам мага каршы колдонулуп жатканы түшүнүксүз болууда.

Жалган маалымат пайда болгон биринчи күндөн бери мен укук коргоо органдары менен иштеп атам. Менин түшүнүк каттарым Октябрь РИИБнин 10-бөлүмүндө. Видео пайда болгондон кийин WhatsApp аркылуу укук коргоо органдары мага байланышка чыгышкан.

Эгерде бул иликтөөгө жардам берсе, мен чет жактагы ишимди жыйыштырып, өлкөгө кайтып келүүгө даярмын.

Мени айыптаган маалыматтардын бардыгында карама-каршылыктар абдан көп: алар мени бир мазарларга сыйынган «сектачы» десе, бир «исламчылардын эжесине» чыгарып атышат, бир чуулуу мугалим дешсе, дагы биринде кой терисин жамынган карышкыр дейт.

Мен жакын арада укук коргоо органдары буга тийиштиги бар адамдарды табат деп ишенем.

ТЕМА БОЮНЧА: