Youtubeдагы Элдияр Супатаевдин «Ала Качуу» видеосунан алынган илююстративдүү скриншот.

Кыргызстандагы БУУнун агенттиктери өспүрүм кыздын бычакталып өлтүрүлүшүнө тынчсызданып жамааттык билдирүү таратты. Кызды ала качып кетишип, кийинчерээк ал милиция бөлүмүндө ала качкан адам тарабынан өлтүрүлгөн.

БУУнун агенттиктеринин билдирүүсү 31-май күнү ачыкка чыккан — эл аралык уюмдун түзүмдөрү, Кыргызстандын бийлигин никеге туруу максатында кыздардын уурдалышын (ала качууну) болтурбоо үчүн кошумча чараларды көрүүгө чакырышты.

«Өспүрүмдөрдү же мажбурлап никеге тургузуу адамдардын фундаменталдык укуктарын бузуу болуп эсептелет. Мунун бир гана окуяга тиешеси бар адамдар үчүн эмес, бүтүндөй коомдун жыргалчылыгы үчүн да узак мөөнөттүү кесепеттери бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле маалда агенттиктер белгилешкендей, Кыргызстан мажбурлап никеге тургузууга каршы күрөштө «кыйла эле олуттуу кадамдары кабыл алды» — мисалы, жашы жете электер менен никеге турууга тыюу салган.

«Бирок аталган практиканы болтурбоо үчүн күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып, андан сырткары, жабырлануучуларды коргоо үчүн кошумча чараларды кабыл алуу керек», — деп айтылат билдирүүдө.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы гендердик программаларынын координатору Үмүтай Давлетованын айтымында, кыздарды ала качууга байланыштуу иштерге карата укук коргоо органдары менен судьялар мамилесин өзгөртүшү керек. Анын пикиринде, коомдо «ала качуу» «нормалдуу көрүнүш» катары кабылданат.

«Бул [зомбулук менен байланыштуу] беренелерди коомго ачык кылуу керек. Курмандыкка айланган адам гана эмес, анын кошуналары жана тааныштары да, тактап айтканда, ар бир күбө арыз менен кайрыла ала тургандай кылуу зарыл», — деди Давлетова «Клоопко» курган маегинде.

БУУӨПтүн өкүлүнүн айтымында, аялдарга карата зомбулук фактысы боюнча арыздар «кайтарылбас болушу» керек. Мамлекеттик органдар аларды кайрадан кайтарбагыдай болушу зарыл — анткени БУУӨП изилдеп чыккан учурлардын 70 пайызында аялдар «уялып» жаткандыктан өз арыздарын кайра кайтарып алышат.

Ала качкан кызды өлтүрүү

БУУнун агенттиктерин жамааттык билдирүү жасоого милиция бөлүмүндө эркек киши ала качып кеткен 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын бычактап өлтүргөн жагдай түрткү кылган.

Бул 28-майга караган түнү Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө жүз берген. Кызды никеге туруу үчүн уурдаган 29 жаштагы адам аны өлтүргөнү белгилүү болгон.

Ошол эле күнү кыздын бир туугандары милицияга арыз жазып, бир нече убакыттан кийин шектүүнүн машинасы Сосновка айлында кармалган.

Уурдалган кыз менен шектүү эки адам Жайыл районунун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Милиционердер кармалгандарга карата документтерди тариздеп жаткан учурда ала качууга дуушар болгон кыз жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө калган.

Бурулайды акыркы сапарга узатуу зыйнатында коюлган сүрөт/Turmush

«Бир аз убакыттан кийин Б.М.бөлмөгө кирип, ичинен бекитип алып, бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угула баштаган. Милиция кызматкерлери эшикти талкалап кирип, кыз канга боёлгон абалда табылган», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Кыз алган жараттарынан улам жандандырыуу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Ал эми 29 жаштагы адамды врачтар сактап калышкан. Жайыл районунун прокуратурасы «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, ал эми 29 жаштагы адамга адам өлтүрүү боюнча айып тагылган.

«Турмуш» басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянып, адам өлтүрүү боюнча айыпталган адам эс учуна келип, «эч нерсе эсинде жок экенин жана кызды өлтүрбөгөнүн» билдирип жатканын жазган.

Каза тапкан кыздын бир туугандары эмне деп жатышат?

Турдаалы Кожоналиев/Turmush

Каза болгон кыздын атасы Турдаалы Кожоналиев милиционерлер шектүүнү текшербестен эле кызы отурган жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнө кирүүгө уруксат беришкенин «Азаттык» үналгысына айтып берген.

«Мен бычак сайган бала тергөөчүгө акча бергенби деп ойлоп жатам. Тергөөчү экөөнү бир бөлмөгө таштап чыгып кетиптир да. [...] Ал бала эшикти ичинен бекитип алып ачпай, кызыма бычак сая бериптир. Кекиртегине, жүрөгүнө, ичине сайып, кыйнап өлтүрүптүр», — дейт Кожоналиев.

Кожоналиевдин айтымында, шектүү адам анын кызынын денесине «Н+Б» деп бычык менен тилип жазып койгон — «Н» Бурулуй турмушка чыгууга даярданып жаткан баланын ысымынын биринчи тамгасы.

Чүй облустук милициясы сөөктүн медициналык кароосу аягына чыга электигине таянып, бул маалыматты төгүндөп же тастыктап берген жок.

Каза тапкан кыздын атасы ырастагандай, шектүү бала анын кызын буга чейин да ала качууга аракет кылып келген, бирок анда алар милицияга кайрылабыз деп баланы коркутуп, кызын үйгө кайтарып алып кетип калышкан.

«Каза болгон кызыма сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси сөйкө салып кетишкен. Август айында тою болмок. Бычактаган бала буга чейин да ала качып кеткен, кызымдын көңүлү башкада болгондуктан кайра алып келгем. Акыркы жолу ата-энеси менен келип, кызды сурашкан эле. "Бул кыздын жигити бар, тою болот" десек "кызыңды өлтүрүп кетем" деп коркуткан», — деп келтирди «Турмуш» басылмасы Кожоналиевдин айткандарын.

Бийликтин кыздын өлтүрүлүшүнө карата реакциясы

Жайыл районунун прокурору Мамбеталы Турдумаматов милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы кызды өлтүрүүгө себеп болгон деп эсептейт.

«Милиция кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдетти жоопкерчиликтүү аткарбастан, шалаакы мамиле кылган. Мунун натыйжасында кабыл алуу жайында ушундай окуя болду деп ойлоп жатабыз. Ошонун негизинде кылмыш ишин козгодук. Азыр козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. 20га толо элек кызды түшүнүксүз жагдайда өлүмгө алып келген өкүнүчтүү окуя болду», — деди Турдумаматов.

Чүй облусунун милициясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, алар жүз берген окуяга кызматтык иликтөө аяктагандан кийин гана комментарий бере алышат.

«Тергөөнүн алкагында мен силерге эч нерсе айтып бере албайм, азыр милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп айтышты милициядан.

Авторлоштору: Эмил Султаналиев, Айсымбат Токоева