Жол тандабас жасаган Азамат

Кадамжай районунун 25 жаштагы тургуну Азамат Жетимиш уулу тоо-таштарда жүрүүчү «Багги» автоунаасын жасап бүттү. Жол тандабасты кураштырууга анын үч ай убакыты кеткен.

Баткен облусундагы Охна айылынын тургуну Азамат Жетимиш уулу үч ай аралыгында «Багги» үлгүсүндөгү машинаны курап чыкты. Ага өзүнүн чөнтөгүнөн 200 миң сом каражат жумшаган.

«Мен бул унааны беш жыл мурун эле интернеттен көрүп, кантип жасоону ойлонуп жүргөм. Жол тандабасты кураштырууда Honda Stepwgn автоунаасынын кыймылдаткычын, Toyotayнын дөңгөлөктөрүн, Жигулинин бензин багын жана рулун колдондум», — дейт Азамат.

Унааны ширетүүдө жана сырдоодо ага достору жардамдашкан. Кадамжайда унаа тетиктерин сатып жана оңдоп иштеген Азамат жол тандабасты азырынча өзү үчүн жасаганын айтат.

«2009-жылдан бери автоунааларды оңдоп келем. Жасаган ишимдин жыйынтыгын көрүп, кызыгып калдым. Буйруса дагы ушул сыяктуу тоо-таштарга ыңгайлашкан машине жасап, сатыкка чыгарайын деп пландап жатам», —  дейт жаш уста.


ТЕМА БОЮНЧА: