Илимий иштерден плагиат издөө боюнча иш алып барган Орусиянын «Диссернет» коому 2018-жылы өз жумушунун географиясын кеңейтүүнү чечип, Тажикстан менен Кыргызстандагы илимий иштерди текшере баштаган.

Илимий ишинде плагиаттын издери табылган биринчи кыргыз аткаминери Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков болуп калды. Анын диссертациясындагы 181 беттин ичинен 140 бетте ачык эле көчүрмө аныкталган.

Кээ бир жерлерде плагиат тексттин бүтүндөй беттерин камтыган. Негизинен Исаковдун ишинде «Дагестан» деген сөз «Кыргызстан» деген сөзгө алмаштырылып, ошол эле учурда Дагестандын мурдагы башчысы Магомедсалам Магомедовдун диссертациясынын түп нускасындагы сандык маалыматтар өзгөрүүсүз эле калган.

Исаковдун диссертациясындагы плагиат жөнүндө макала жарык көргөндөн кийин ал өзүнүн илимий даражасынан баш тартууну чечкени белгилүү болгон.

«Диссернетттин» тең түзүүчүсү Андрей Заякин эмне үчүн алар Кыргызстанга кызыгып калганын жана илимий иштерден кантип плагиат издегени жөнүндө «Клооптун» журналисти Метин Жумагуловго айтып берди.

Андрей Заякин

«Диссернет» деген эмне жана ал эмнени көздөйт?

«Диссернет» 2013-жылдан тарта илимий иштердеги плагиаттарды издеп келет. Ошентсе да Заякин өзү бул уюм көптөгөн учурда плагиатка деле тушукпай турганын айтууда. «Окумуштуу делген адамдар жөн гана чоочун бирөөлөрдүн ишинин мукаба барактарын алмаштырып жабыштырып алышат», — деп нааразы болду ал.

Заякин «Диссернеттин» башкы максаттарынын бири катары «академиялык коомчулукту илимий даражалардын сатылышынан тазалоону» жана «айкын элдик адамдарды изилдөөнү» (негизинен Орусиянын Мамдумасынын депутаттарын) атоодо. Кийинчерээк уюм көбүнесе диссертациялар менен окумуштуулук даражаларды саткан адамдары изилдөөнүн үстүндө иштей баштаган.

«Кийинчерээк биз депутаттарды эмес, көп жылдан бери илимий даражаларды сатып жүргөн профессорлорду кармоо кызыктуураак болоорун түшүндүк. Долбоор азыр диссертация саткандардын уясын казып кыйратууга артыкчылык берүүнү көздөйт», — деп түшүнүрдү Заякин.

«Диссернет» иштеп жаткан убактан бери анын мүчөлөрү 25 миң диссертацияны изилдеп, анын 8 миңинен плагиат табышкан. Мындан улам болжолдуу 200 адам илимий даражаларынан кол жууп калган.

Заякиндин билдиришинче, илимий иштеринен плагиат табылган эң эле чуулуу диссертанттар Орусиянын Мамдумасынын депутаты Ришат Абубакиров, Москва шаардык думасынын төрагасы Михаил Платонов, Орусиянын мамлекеттик социалдык университетинин проректору Галина Жукова жана Саратов облусунун губернаторунун орун басары Александр Соловьёвдор болушкан.

«Диссернеттин» тең түзүүчүсү уюм бардык диссертацияларды катары менен эле текшере бербесин айтат.

«Биз атайылап “өсүп” жаткан жерди издейбиз. Биз айрым адамдарды, алардын бардык аспиранттарын жана бир диссертациялык кеңеште иштерин жактагандарды издеп, 20-50-100 диссертацияда жасалмачылык фактысы бар экенин божомолдойбуз. Биз ошол коррупциялык байланыштарга чырмалган түптү [адамдарды] сууруп алабыз. Бул массалык көрүнүш», — дейт ал.

Анын айтымында, Орусиянын Жогорку аттестациялык комиссиясына (ЖАК) байланыштуу адамдар маал-маалы менен «Диссернетти» жабууну талап кылып турушат.

«Биз алар үчүн кокого сайылган тикенбиз. Аларга биздин бар экенибиз жакпайт, алар дайыма бизге жамандык кылышат, бирок азырынча бул туталануу менен гана чектелип атат», — дейт ал.

Уюм диссертациялардагы плагиатты кантип издейт?

Башында интернеттеги издөө кызматтарынын жана «Антиплагиат» системасынын жардамы менен диссертациядагы тексттин айрым бөлүктөрү дүйнөлүк желедеги тексттер менен салыштырылат. Андан соң плагиат болушу ыктымал булак табылгандан кийин бул текст качан пайда болгонун аныктоо керек болот. Эгерде андан мурда пайда болгон диссертация табылса, демек, чындыгында эле ал плагиат болушу мүмкүн.

Андан кийин эки текст салыштырылат. Башында бул автоматык түрдө жасалып, аны ыктычярчы окуп чыгат. Ал компьютер адашып калбашын текшерет. Ыктыярчы жадыбалды окуп чыгып, бардык каталарды оңдоп, бардык сыпайы цитаталарды четке чыгаргандан кийин «Диссернет» тексттердин окшоштугу көрсөтүлгөн жадыбалды алат. Вице-мэр Эркинбек Исаковдун диссертациясындагы жадыбал төмөндөгүдөй:

Жадыбалдагы номур — бул диссертация барактарындагы номур, анын ар бирин басып, барактагы тексттин кайсы жерлери көчүрүлүп алынганын карап көрсө болот:

Солдо Исаковдун диссертациясынын тексти, ал эми оңдо Магомедсалам Магомедовдун ишинин тексти.

«Тексттерди бири-бири менен салыштырып чыккандан кийин биз бул адамдардын биргеликте жасаган иштери бар-жогун аныктайбыз. Ал үчүн биз диссертанттын авторефератын жана анын булагын карайбыз. Эгерде биргелешкен иштери жок болсо, анда окшоштуктар плагиат болуп чыгышы мүмкүн», — деди Заякин.

Ошондон кийин диссертациядагы илимий маалыматтардын бурмаланып-бурмаланбаганы боюнча иликтөө жүргүзүлөт.

«Бул плагиаттан да жаман нерсе. Кондитер өнөр жайына арналган диссертацияны алып “шоколад” деп жазылган сөздүн бардыгын “эт” деген сөзгө алмаштырабыз, ошол эле учурда бардык маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Эми бул алынган “натыйжалар” — бул жыйынтык эмес, ойдон чыгарылган, жалган экенин билдирип калат. Бул байкоонун, эксперименттин жана статистиканын жыйынтыгы болуп саналбайт. Бул көркөм адабият», — деп түшүндүрдү «Диссернеттин» тең түзүүчүсү.

Ал уюм сөздөрү алмаштырылган көптөгөн кыргызстандыктардын диссертацияларын тапканын кошумчалады. Мисалы, диссертант эч бир маалыматтар менен жыйынтыктарды өзгөртпөстөн эле түп нускадагы «Орусия» деген сөздү жөн гана «Кыргызстан» деген сөзгө алмаштырган.

Заякин белгилегендей, «Диссернеттин» экспертизасын тамга тааныган жана китепканага барчу жолду билген ар бир текшере алат.

«Экспертизаны толугу менен текшерсе болот», — дейт ал.

Эмне үчүн «Диссернет» Кыргызстан менен Тажикстанга кызыккан?

Башкы себеп — Кыргызстан менен Тажикстандын илимий иштеринин жеткиликтүүлүгү. Тажикстан Орусиянын Жогорку аттестациялык комиссиясына баш иет жана бул өлкөнүн диссертациялары Орусиянын мамлекеттик китепканасында жеткиликтүү болчу.

«Андан кийин “Коңшу жакта эмне болуп жатат?” деген ой келди. Биз диссертациялардын ачык архивдери бар-жогун издеп, аларды талдаганга болуп-болбосун ойлондук. Бактыга жараша, Кыргызстанда биз ойлогондой болду. Силердин диссертациялардын жеткиликтүүлүгү негизги фактор болду», — дейт Заякин.

Эскертүү: «Диссернет» кыргыз окумуштууларынын диссертацияларынан плагиат таба баштагандан кийин Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы өз сайтындагы диссертациялардын базасын кароо мүмкүнчүлүгүн жаап салган.

Азыркы күнгө чейин «Диссернет» 30дай кыргыз окумуштуусунун ишинен плагиат тапкан. Бул тууралуу маалымат бир айдын ичинде уюмдун сайтында чыгат. Алардын ичинен эң эле көрүнүктүү аткаминер, азырынча, Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков.

Эркинбек Исаковдун кайсы илимий иши?

Бишкектин вице-мэри Исаковдун ишиндеги плагиат жөнүндө «Клооптун» материалы чыккандан кийин ал Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылып, илимий даражадан ажыратууну өтүнүп арыз жазганын жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдаган.

Аттестациялык комиссия жана мэриянын басма сөз кызматы азырынча бул маалыматка комментарий бере элек. Өз кезегинде «Диссернеттин» эксперттери Исаковдун бул кадамын кубатташты.

«Мен Кыргызстан ушундай коом түзө алганына, плагиат менен кармалган жогорку кызматтын аткаминери катасын мойнуна алып, жүзүн сактап абалдан чыгып кете алганына абдан кубанычтамын. Албетте, бул окуядан кийин ал кызматтан кетип калганы идеалдуу болмок. Бирок мен үчүн эң башкысы — Исаков өз ишин көчүрүп алганын мойна алды. Бул жерде эч бир уяттуу нерсе жок. Катаны моюнга алуу — бул сонун», — деп эсептейт Заякин.

«Диссернеттин» эрежеси боюнча, эгерде Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы вице-мэрди даражасынан ажыратса, анда Исаковдун диссертациясынын экспертизасы уюмдун сайтынан жок кылынат.

«Диссернетти» ким каржылайт?

Сайт окурмандардын көңүлдөн чыгарып берген каражатынын эсебинен жашайт. Акчалар техникалык жактарга: сайтты камсыздоо же «Антиплагиат» системасынын акысын төлөөгө жумшалат. Ал эми ыктыярчылар жасаган жумушу үчүн акча алышпайт.