Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Эмгек министрлигинин аткаминерлери туугандары менен кызматтык сапарларга барганын айтып чыккандан кийин саясий талкуулардын башкы каармандарына айланышты. Биз алардын араздашуусунун чоо-жайын бир жерге чогулттук.

Касымалиева Эмгек министрлиги менен 24-сентябрда парламенттин жыйыны учурунда ачык талкууну баштады. Депутат билдиргендей, Башкы прокуратура мекеме жетекчилеринин чет өлкөгө болгон сапарларын текшериши керек.

Касымалиеванын айтымында, министр Таалайкүл Исакунова үй-бүлө мүчөлөрү менен 2017-жылы февралда Сауд Арабиясына, 2017-жылдын июнунда Швейцарияга, 2010-жылдын ноябрында Аргентина менен Орусияга, андан тышкары 2018-жылы июлда Улуу Британияга барган.

Искакунова жооп иретиндеКасымалиеванын айткандарын төгүндөп, буга байланыштуу башка эч кандай комментарий берген жок. Исакунова кийинчерээк бардык айыптарга карата расмий жооп бере турганын «Клооптун» кабарчысына айтты.

Касымалиева жарандардын каттарына таянуу менен Исакуновадан тышкары чет өлкөлөргө бюджеттин эсебинен министрдин орун басары Лунара Мамытова да барганын божомолдоду. Анын айтымында, Мамытова 2017-жылдын июлунда айыл чарба боюнча адис менен кошо Италияга, ал эми 2018-жылы майда Дүйнөлүк банктын насыя каражаттарынын эсебинен АКШга окууга барган.

«Эмне үчүн министрдин орун басары мамлекеттин эсебинен окууга барышы керек? Эмне үчүн насыя акчаларына окууга барышы керек? Кыргызстандын бюджетине чоң зыян тийгизилген», — деп жазган Касымалиева өзүнүн фейсбук барагында.

Андан тышкары, депутат Мамытованы жеке максаттары менен Кытайдын курорттук Хайнань аралына барышы үчүн дипломаттык паспортту мыйзамсыз колдонгон деп айыптаган.

Өз кезегинде Эмгек министрлиги Мамытова 2016-жылдын ноябрында кызматка дайындалгандан тарта бюджеттин эсебинен чет өлкөгө болгону үч жолу барып келген деп билдирген.

Теледеги талкуу

24-сентябрь күнү кечинде Касымалиева менен Мамытова НТС телеканалынын «Ар Тарап» ток шоусунда жолугушту.

Мамытова эфирден Касымалиева экөө кластташ экенин жана депутат аны менен бала чактан бери атаандашып келе жатканын билдирди.

«Тапкан экенсиң “коррупционерди”». Керек болсо, мен ошол коррупционерлер менен күрөшүп жатам. Каралоо өтпөйт, эгер ал өзүн пиар кылам десе… Адам бойдон калуу керек. Муну эстен чыгарба», — деп билдирген Мамытова.

Ал эми Касымалиева болсо Мамытованын бала чактан бери атаандаш деген аргументин — бул «олуттуу маселелерди башка нукка буруп кетүү аракети» деп билдирди.

«Маселе кимдир бирөө качандыр бир кезде бир класста окуганына кептелип жатканда оюн ойноп, өзгөчө саясатта, аялдар жөнүндө калыптанып калган нерселерге алдырбаш керек», — деп жазган Касымалиева фейсбукта.

«Клооптун» редакциясы «ачык бюджет» порталынын маалыматына таянып эсептеп чыккандай, Эмгек министрлиги 2016-жылдын сентябрынан тарта 2018-жылдын сентябрына дейре кызматтык сапарларга 2,7 млн сомдон ашуун каражат короткон.

Айлар боюнча чыгымдардын жадыбалы төмөндөгүдөй:

if("undefined"==typeof window.datawrapper)window.datawrapper={};window.datawrapper["oUDXE"]={},window.datawrapper["oUDXE"].embedDeltas={"100":652,"200":598,"300":544,"400":517,"500":517,"700":490,"800":490,"900":490,"1000":490},window.datawrapper["oUDXE"].iframe=document.getElementById("datawrapper-chart-oUDXE"),window.datawrapper["oUDXE"].iframe.style.height=window.datawrapper["oUDXE"].embedDeltas[Math.min(1e3,Math.max(100*Math.floor(window.datawrapper["oUDXE"].iframe.offsetWidth/100),100))]+"px",window.addEventListener("message",function(a){if("undefined"!=typeof a.data["datawrapper-height"])for(var b in a.data["datawrapper-height"])if("oUDXE"==b)window.datawrapper["oUDXE"].iframe.style.height=a.data["datawrapper-height"][b]+"px"});

Кайсы бир айдын ичиндеги жогорку чыгымдар сөзсүз эле сапарлар дал ошол убакытта болгонун билдире бербейт, себеби министрликтеги сапарлар алдын ала макулдашылып, төлөнүшү ыктымал.

Мамытованын сапарлары

2017-жыл сентябрь айы: Италиянын Туринине сапар.

Сүрөттөргө караганда Мамытова эл аралык эмгек уюмунун тренингине катышкан. Тренинг учурунда министрдин орун басары Европанын башка да шаарларына барган: Венеция, Рим, Ницца, Монте-Карло жана Милан. Сүрөткө карата жазылган комментарийлердин биринде колдонуучулардын бири министрлик Мамытованын сапарларына абдан көп акча коротуп жаткан окшойт деп тамашалаган. Мамытова ага жооп иретинде сапарларды өзү төлөгөнүн, ал эми бул убакытка кыска мөөнөттүү эс алууга чыкканын жазган.

2018-жыл февраль айы: Германиянын Франкфуртуна сапар.

Сүрөттөргө караганда Мамытова социалдык коргоо боюнча конференцияга иш сапары менен барган. Ал постторунун биринде түшүндүргөндөй, сапардын чыгымын чакырган тарап көтөргөн.

2018-жыл май айы: Вашингтонго сапар.

Мамытова калкты социалдык коргоо боюнча Дүйнөлүк банктын конференциясына барган. Иш-чарадан тышкары, министрдин орун басары бир нече кызыктуу жерлерге жана элчиликтерге барган.

2018-жылдын июль-август айы: Кытайдын Хайнан аралына сапар.

Сүрөттөргө караганда бул иш сапар эмес, эмгек өргүүсү. Комментарийлерде Мамытова саякат акча бюджеттен эмес, өз чөнтөгүнөн кеткенин жазган.

Жөлөкпулдардын айынан болгон мурдагы араздашуу

Касымалиева менен Эмгек министрлигинин ортосундагы мамилелер 2018-жылдын башында эле депутат өзү демилгелеген балдардын жөлөкпулу тууралуу мыйзам долбоорунан улам бузула баштаган.

Өкмөт анда мыйзам долбоорунун текстин жана бул жөлөкпулдарды ала тургандардын тизмесин бюджетте каражаттын жетишсиздигине таянып кыйла эле кыскартып салган.

Касымалиева өкмөт тарабынан өзгөртүүлөр болгон соң мыйзамдын маңызы өзгөрүп, ал жаңы өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейинкиден да начарлап кеткенин билдирген.

Депутат эмгек жана соцөнүгүү министрин коррупциялык схемаларга жылчык болушу үчүн жөлөкпулдарды төлөө системасын атайылап татаалдатууда деп айыптаган.

Ушул жылдын май айында Касымалиева Исакунованы министрлик кызматтан алууну сунуштаган, бирок анын сунушу өкмөттө колдоо тапкан эмес.