Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия Кубогундагы тайпалык баскычтын үчүнчү оюнунда Филиппин менен ойноп, тарыхый жеңишке жетишти. Оюн аяктагандан эки саат өтүп, Вьетнам Йеменди чоң айырма менен ута албагандыктан Кыргызстан курамасы 1/8 финалга жолдомо алды.

Кыскача:

• Азия Кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстан өзүнүн чечүүчү оюнун өткөрүп — Филиппин командасын 3:1 эсебинде утту.

• Кураманын үч голун тең чабуулчу Виталий Люкс киргизди — бул анын курама үчүн өткөргөн оюнундарындагы алгачкы хет-триги.

• Жеңиштен кийин эки саат өткөн соң Кыргызстан 1/8 финалга өтүп, турнир ээси Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен ойноору белгилүү болду.

• Кыргызстандын мөөнөтүнөн мурда плей-оффко өткөнү Вьетнам-Йемен оюнунан кийин белгилүү болду.

Кененирээк:

Виталий Люкс 25-мүнөттө оюндун эсеп санын ачты. Оң канаттан Ахлидин Исраилов топ чыгарып бергенден кийин чабуулчу Микаэль Фалькесгорддун дарбазасынын үстүңкү оң бурчуна таамай сокку кылды.

Экинчи таймдын башталышы менен, 51-мүнөттө Кыргызстан эсебин эки эсе көбөйтө алды. Бул жолу оюнчулар чабуулду сол канаттан уюштурушту: Бекжан Сагынбаев борбордук бөлүктөгү Люкска топ чыгарып берди жана ал өз учурунда эки аракет менен дарбазаны көрбөй туруп, бурулуп сокку узатты.

Оюндун 77-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев Кыргызстан курамасынын үчүнчү голун жасады — филиппиндик коргоочудан топту тартып алып, каршылашынын дарбазасына жиреп барып узаткан соккусу дарбаза мамысына тийди.

Бирок филиппиндик голкипер Фалькесгорд газондон тургучакты Люкс топко биринчи жетип, бош турган дарбазага узатып койду.

Виталий Люкс (№19) голун командасындагы өнөктөрү менен майрамдап жаткан учуру. Сүрөт: AFC

Анткени менен, Кыргызстан курамасы чоң ажырым менен ута алган жок — үч мүнөт өткөн соң Стефан Шрёк алыстагы эркин тебүүдөн кызыктуу гол киргизди. Топ анын соккусунан жерден секирип өтүп, кыргыз дарбазачысы Кутман Кадырбековдун артына учуп кирди.

Оюндун жыйынтыгына ылайык, командалардын топко ээлик кылуу пайызы бирдей болду, ал эми аймак боюнча оюн негизинен филиппиндердин талаанын жарымында өттү.

Кыргыз оюнчулары оюндун башталышынан бери чабуул уюштуруп жатты жана биринчи таймдын биринчи жарымында толук басым жасады.

Биринчи таймдын жарымында оюн бир аз тынчып калды. Бирок андан кийин Люкстун биринчи голу жаралып, кыргыз оюнчуларына дем берүү менен оюнду жандандырды.

Филиппиндер чабуулдарын күчөтүүгө аракет кылып, оюндун 58-мүнөтүндө белгилүү машыктыруучу Свен-Йоран Эрикссон талаага ага-ини Фил жана Жеймс Яңхазбенддерди чыгарды.

Фил Яңхазбенд өзүнүн курама командасы үчүн дароо эле эң кооптуу абал жаратты: 64-мүнөттө дарбазага жакын жерде сокку узатып, бирок жаш дарбазачы Кутман Кадырбеков мыкты ойноп койду.

Кыргызстан өзүнүн С тайпасында үчүнчү орунга ээ болду. Ал эми оюн аяктагандан эки саат өткөн соң мөөнөтүнөн мурда плей-офф баскычына чыкты. Бул D тайпасында Вьетнам өлкөсү Йеменди чоң айырма менен ута албагандыгы үчүн жүз берди.

Демек, Азия Кубогуна биринчи жолу катышып жаткан Кыргызстан курама командасы Эмирликтерде калып, 21-январь күнү 1/8 финалда турнирдин ээси БАЭ менен оюн өткөрөт.

Оюн 23:00дө башталып, КТРК Спорт телеканалынан түз алып көрсөтүлөт. Тексттик трансляцияны «Клооптон» окусаңыз болот.

Тема боюнча:

Кыргызстан катышкан Азия Кубогу жөнүндө эмне билесиз?