Сүрөт: DPA

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, Кытайдагы «кайра тарбиялоочу лагерлерде» кыргыздар жок — мындай маалыматты министр Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун (ШУАР) төрагасы Шохрат Закир менен жолугушууда алган. Бирок, мурдараак кытайлык кыргыздар массалык кармоолорго жана Кыргызстандан Кытайга кайтып келүү талаптарына даттанышкан эле.

ШУАРдын төрагасы Шохрат Закирге таянып Кыргызстандын ТИМи кытайлык «кайра тарбиялоочу лагерлериде» этникалык кыргыздар тууралуу маалымат ырасталган жок деп билдирди.

Айдарбеков менен Закир 22-февраль күнү Урумчиде кыргыз ТИМинин Кытайга болгон расмий сапары учурунда жолугушкан.

Чыңгыз Айдарбеков, Шохрат Закир. Сүрөт: ТИМ

Буга чейин, 2018-жылдын декабрында аты белгисиз кыргыз дипломаты Кытайдагы лагерлерге барып келген. Бирок ТИМ журналисттерге сапар тууралуу маалымат берүүдөн жана ал жакта кармалган кыргыздар жөнүндө маалыматты төгүндөп же ырастоодон баш тарткан.

Лагерлерге баруу кыргыз ТИМдин демилгеси эмес болчу — экскурсияны Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Таиланд жана башка Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган эл аралык делегация үчүн уюштурушкан. Бирок, америкалык же европалык дипломаттарды жана эл аралык укук коргоочуларды чакырышкан эмес.

ТИМ коңшу өлкө менен «эки тараптуу мамиле маселесин» — «маанилүү» деп айтып, Кытайга байланыштуу суроолор боюнча этияттанууда. Бул боюнча ведомство менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бирдей пикирде.

«Биздин түрмөлөрүбүздө дагы кытайлыктар отурат, бирок Кытай бийлиги бизге эч нерсе деп кыйкырган жок. Кытайдагы кыргыздар — ошол өлкөнүн жарандары жана алар үчүн Кытайдын мыйзамы иштейт. Бул коркуу эмес, жөн гана абайлоо керек», — деп Жээнбеков кытайлык кыргыздар лагерлердеги өз жакындарын кайтарып келүү үчүн кыргыз бийлигинен жардам сурап кайрылгандан соң айтканы бар.

Кытай — Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана башкы грант берүүчүсү. Кыргызстан Кытай мамлекеттик «Эксимбанкынан» 1,7 млрд доллар кредит алган. Бул өлкөнүн бардык тышкы карыздарынын 43%нан көбүн түзөт. Эгер өлкө пайыздарды же кредитти төгө албаса, анда Кытай эл аралык арбитражда каалаган активди талап кылып алса болот.

Cүрөт: CCTV

Эмне болгон лагерлер?

Кытай өзүнүн лагерлерин экстремизм менен радикализм учурларды алдын алууга багытталган «профессионалдуу кайра тарбиялоочу борборлор» деп аташат. Алардын айтымында, бул «билим берүүчү борборлор», ал эми ал жактагы адамдар Кытай маданияты менен тилин үйрөнгөн «студенттер».

Кытайдын бийлиги эл аралык укук коргоочулардын кайрылууларынан жана ЖМКлардагы макалалардан келип чыккан резонанстан кийин лагерлердин бар экендигин ырасташып, кээ бир дипломаттар менен журналисттер үчүн Лагерлерде экскурсия уюштурушкан. Алар ал жакта отургандардан интервью ала алышкан, бирок бийлик өкүлдөрүнүн көзүнчө гана.

Эл аралык укук коргоочу Human Rights Watch (HRW) уюму лагерлер тууралуу 2018-жылдын сентябрында жазып чыгышкан. Уюмдун маалыматтарына ылайык, 2016-жылдын аягынан тарта кытайлык бийлик региондогу мусулмандарды түрмөлөргө жана кайра тарбиялоочу лагерлерге массалык түрдө жана негизсиз жибере башташкан. Ар кайсы баалоолор боюнча, кайра тарбиялоочу лагерлерде 1ден 3 миллионго чейин киши орун алган.

Лагерге отуруп чыккандардын айтымында, аларды үй-бүлөлөрү менен бөлүп, кыйноого алышып, коркутуп, ылпластык шарттарда кармашкан.

Видео: Медуза

Этникалык кыргыздар жана кайра тарбиялоочу лагерь

Кытайлык кыргыздар Кыргызстандын бийлигине 2018-жылдын күз мезгилинде кайрылышып, Кытай бийлиги «лагерлер» менен экстремизмге каршы күрөшүүнү баштагандан кийин алардын көбүнүн Кытайда калган туугандары менен байланыштары үзүлгөндүгүн кабарлашкан.

«Менин апам менен карындашым [Кытайда] калып калды. Бирок мен алар менен байланыша албай жатам. Эгерде чалсам: “Чалба, биз коркуп жатабыз. Андан көрө чалганды токтот” дешет», — деп этникалык кыргыздардын бири «Клооптун» журналистине айтып берген.

2018-жылы ноябрда «Эркин Азия» радиосу Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу округундагы Кайыз айылынын 300 тургунунун кармалгандыгы тууралуу кабарлаган. Бул айылда 1500дөй этникалык кыргыз жашачу.

«Ата-энем, туугандарымдын баары Кытайда. Азыр алар менен кабарлаша албай калдык. Бирок ал жактан кабар алгандардан маалымат угуп атабыз. Ал айылда мурда беш мектеп бар болчу. Уйгур, казак, кытай, кыргыз, монгол тилдеринде эле. Азыр анын баарын жоюп, кытай тилинде гана сабак өтүп калышыптыр», — деп беш жыл мурун тарыхый мекени Кыргызстанга кайтып келген Турсунаалы «Азаттык» радиосуна айтып берген.

Кыргыз жарандыгын алган студент Аалы Сүйүнаалу уулу журналисттерге билдиргендей, Кытайдан келген этникалык кыргыз студенттерине ал өлкөнүн укук коргоо органдарынан коркутуулар келип турат. Алар студенттердин кайтып келүүлөрүн талап кылышат, бирок Кытайга кайткандар кайра келбей калышууда. Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети билдиргендей, жалпы 45 студент жана бир мугалим Шинжаңга кеткен бойдон кайра келген эмес.

Сүрөт: Шамбетов Токтосун

Кытайдагы кыргыздарды коргоо боюнча комитет февралда түзүлүп, лагерлер жана камалуулар тууралуу маалыматы бийликке жеткирүүгө аракет кылып келүүдө.

«Бул жерде турган жигиттерди мафиялык жолдор менен же башка күчтөр менен уурдатып кетпейби деп чочулап атабыз», — деп кыргыз жарандыгын алган Алмамбет Осмон уулу кайрылган эле.

Мурдараак казак активисттери лагерлерде 50 000 этникалык кыргыз отурат деген маалыматты бул уюм да ырастап берди. Активист Серикжан Билаш Кызыл-Суудагы кармоолор тууралуу, анын менен бирге бул аймактагы кыргыз жана казак тилдүү ЖМКларга басым көрсөтүүлөрдү жана алардын жабылуусу тууралуу айтып берген.

«Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда. "Экстремизм, терроризм" деген жалаа менен уйгурларды түрмөгө тыгып отурат», — деп айтып берди Билаш.