Сүрөт: Бакыт Торогелдиев / RFE / RL

Пленардык жыйын 2-май күнү эртең менен 120 депутаттын ичинен 20сын гана чогултту. Бирок электрондук табло каттоодон 110 эл өкүлү өткөнүн көрсөтүп турат.

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу «Азаттыкка» курган маегинде бейшемби күнү эртең мененкисин зал негизи жарым-жартылай ээн болуп тураарын билдирди. Анткени депутаттар социалдык маселелерди талкуулашат. Анын айтымында, депутаттар суроолорун өкмөт мүчөлөрүнө берип бүткөн соң залдан чыгып кете алышат.

«Саат 11де уран маселеси талкуулана баштайт. Ошондо депутаттар толук катышат», — деди ал.

Парламентарийлер пленардык жыйынга шаршемби жана бейшемби күндөрү чогулушат, бирок алардын катышуулары коомчулукта бир нече ирет сынга алынган.

Депутаттардын көпчүлүгү жыйындарды калтырышат, бирок ошол эле маалда протоколго алар жыйында отуруп, талкууланган мыйзам долбоорлорго добуш беришкени катталат. Бул нерсе депутаттардын ишеним катынын негизинде алардын ордуна жардамчылары же башка эл өкүлдөрү добуш берип коюшканынан кабар берет.

ТЕМА БОЮНЧА: