«Шоро»: Айтматова компаниянын репутациясына негативдүү таасирин тийгизүүдө

Айтматованын билдиргенинде «Шоро» алкоголсуз суусундук чыгаруучу компаниясы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атындагы көргөзмөнүн ачылышында өз продукциясын берүүдөн баш тарткан. Ал эми компаниянын өкүлү Азиз Хасанов бул маалыматты четке кагып, «Эчким бул маселе боюнча мага кайрылган жок» деди.

«Шоро фирмасы Айтматовдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында өз продукциясын берүүдөн баш тартты. Абдан жакшы ))», — деп «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ш. Айтматова «Твиттердеги»  @thelostroom деген дарегинде жазган.

Айтматова демөөрчүлүктү «Кока-Кола» компаниясы өз колуна алган. ««Шоро» компаниясынын директору Эгембедиев өзү баш тарткандан кийин «Кока-Кола» компаниясы чалып, сүрөт көргөзмөсүндө өз продукциясын алып келди. Обаа», — деп «Твиттерге» депутат жазган.

Бирок компания Айтматованын айканын туура эмес деп, «Айтматова компаниянын репутациясына негативдуу таасир тийгизип жатат» деп маалымдайт.

Компаниянын коом менен байланышуу боюнча директору Азиз Хасанов депутаттар тарабынан эч кандай телефондук чалуулар, даректүү каттар келген эмес. Ал эми келсе дагы башка жакка балким түшуп калган деген оюн айтат.

«Мен толук кепилдик менен фирмага эч кандай кат келбегендиги тууралуу айта алам», —деп жазган Хасанов «Фэйсбук» интернернет баракчасында.

Коомчулук менен байланышуу боюнча компаниянын кызматкери азыркы учурда «Шоро» компаниясынын башкы директору Кытайда деп, ал азыр бул окуя жөнүндө эштеке билбей тургандыгын айтты.

Мунун баары Айтматов атындаг ыфондунун долбоор жетекчиси Илья Лукашовдун «кайсы бир счетту берүү боюнча» суранычынан башталган.

«Ооба эгембердиев менен мен сүйлөшкөм. Бирок Айтматовдун баласы Эльдар баш тартып, мага көргөзмөгө продукцияны суроо боюнча Эгембердиевке кайрылууга тыюуу салды. Ал баары бир жок деп айтат», — деп  Лукашов оз микроблогунда жазган.

Хасановдун билдирүүсү боюнча компания мындай саамалыкты демөөрчүлүк кылуудан баш тартмак эмес, бирок эгер аларофициалдуу түрдө кайрылса деп айтты.

«Ал [Ширин Айтматова] авторитет болуп эсептелет. Айткан сөзү дайыма каралат. Бирок биз жазуучу каза болгондо колубуздан келген жардамыбызды көргөзгонбүз. - ал эч бир жерде катталган эмес. Бул жөн кана жардам болчу», — деп түшүндүрдү Хасанов.

Айтматова тарабынан «Твиттердеги» айтылган баардык маалымат «Коомдук мааниси зор» статусту өзүнө камтыйт.

«Мен сиздерден Эгембердиевдердин алдында официалдуу түрдө кечирим сураңыздарды айтам. [...] Өзүнөрдүн билдирүүңөр менен сиз көп адамдардын аброюна, андан тышкары өтүп кеткендердин аброюна шек келтирип жатасыз», — деп Хасанов «Фэйсбуктагы» баракчасында депутака билдирүү жасаган.

Айтматованын реакциясы

Kloop.kg порталына берген интервьюсунда Ширин Айтматова жеке өзү «Шоро» компаниясынын кызматкерлерине кайрылбагандыгы жөнүндө айтты.

«Мен кечээ мамаман эмнеге силер «Шоро» компаниясына көргөзмөнү колдоп бер деп кайрыган жоксуңар? деп сурасам, Илья Лукашов Эгембердиевке чалып, жарнактык щит тууралуу сүйлөшкөнүндө алар жардам бере албайбыз деп айтыптыр деп мага айтты», — деди депутат.

«Айтматов» атындагы көргөзмөнүн уюштуруучулары «Шоро» компаниясынын директорунан эки жолу жолугууну суранышкан. Бирок ал андан баш тартып, андан соң такыр эле телефон чалууларды да албай калган.

Хасановдун депутатты коомчулук алдында компаниянын жетекчилигинен кечирим сура деп айтканын «damage control» деп атады. [репутацияны жоготуунун эсебин минимумга келтирүү].

«Анда Эгембердиев өзү биз менен сүйлөшүүдө ал демөөрчүлүк колдоодон баш тартпагандыгы жана Айтматовдун фондунун кызматкерлери тарабынан телефондук чалуулар тууралуу айтып берсин», — деп айтты Айтматова.

Депутаттын айтымында бул компаниянын ушул сыйктуу маданий иш-чараларды колдоодон баш тарткандыгы жөнүндө биринчи кана окуя эмес.

«Айтматов тирүү кезинде ал Эгембердиевден Брюселдеги Европарламентте боло турган көргөзмө үчүн 2 челек суусундук бөлүп берүүсүн суранганда ал баш тарткан», — деди депутат.

Жазуучунун кызынын ою боюнча компаниянын демөөрчүлүк-маркетингдик системасы жетекчиликтин маанайынан көз каранды.

«Мен иш чындыгында иш андай болбосо, аны жазып эмне кылам?», — деп суроо берет депутат.

«Шоро» компаниясы менен богон сүйлөшүүнү Лукашов жүргүзгөндө балким ал туура эмес түшүндүрүп алган» деп кошумчалады депутат.

Илья Лукашов Kloop.kg полталына берген маалыматында негизи эле көргөзмөнүн демөөчүлөрүн издөө абдан оор болгон, себеби баары эле колдоого даяр эмес.

Кээ бири коммерциялык максатты көздөп дароо эле баш тартты, кээ бири Чыңгыз Төрөкулович алар үчүн эчким эместигин белгилеп, ал эми калгандары жардам беребиз деп коюп телефондорун өчүрүп салышчу», — деди Лукашов.

«Шоро» ЖАК 1992-жылы түзүлүп ошол мезгилден тартып улуттук алкоголсуз суусундуктарды чыгаруу менен алектенет.

«Айтматов» көргөзмөсү

15-июдан тартып Мамлекеттик тарых музейинде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

«Айтматов» атындагы фондтун президентинин билдирүүсүнө караганда көргөзмөдөн элдер жазуучуга таандык богон буюмдарды, кол жазууларын, архив, көпчүлүк тилдерде чыгарылган китептерин көрө алышат.

Көргөзмө 18:30да ачылат

Атактуу Кыргызстандык жазуучу Чыңгыз Айтматов, 2008-жылдын 10-июнунда Германияда каза богон.

Айтматовдун өмүрбаяны

Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12 декабрында Талас облусунун Шекер айылында туулуп-өскөн. Чыңгызга 10 жаш толгондо атасы Төрөкул Айтматовду бийлик «Элдин душманы» деп атам атууга кетирген.

1948-жылы Чыңгыз Фрунзедеги айыл-чарба интститутуна тапшырган. 1956-жылы, атасы реабилитация болгон соң ал Москвадагы жогорку адабият курсуна тапшырып окуган.

1958-жылы курсту бүткөн соң «Октябрь» журналында анын «Бетме бет» аңгемеси жарык көргөн (“Лицом к лицу”). Ошол эле жылы анын дагы башка чыгаралары «Новый мир» журналынын беттеринен орун алган. Айтматовко дүйнолүк атакты эң биринчи «Жамиля» повести алып келген.

Которгон: Кундуз Исмаилова