517 түп кендир өстүргөн Таластын тургуну кармалды

Кара-Бура районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Тыныбек Эшматов огородунда мыйзамсыз кендир өстүргөндүгү үчүн кармалганын, ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Максат Абдысеитов билдирди. Кармалган Эшматов кара куурайды өзү колдонуу үчүн өстүгөнүн айтты.

43 жаштагы Тыныбек Эшматовдун огородунан мыйзамсыз өсүп жаткан 517 түп кендир табылган, азыр баардыга жок кылынып, бул факт боюнча кылмыш иши жүргүзүлүп жатат",- деп ИИМдин пресс-катчысы Kloop.kg порталын маалымдады

Таластын ИИБ- катчысы Максат Абыдеситов айткандай, кармалган адам кендирди өз керектөөсү үчүн өстүргөнүн мойнуна алды

«2011-жылы учун бул биринчи окуя, мындай көрүнүштөр Таласта көп эле болот», — деди Абдысеитов.

Катчынын айтымы боюнча, Кыргызстанда мыйзамсыз өстүрлүп, аны сактаган адамдарды табуу үчүн, 20-июндан 29-июнга чейин масштабдуу рейд өткөрүлүүдө.

«Ар бир жылы ИИМ 1-майдан - 1-ноябрга чейин жүрө турган «Мак» операциясынын планын бизге жөнөтөт. Таластын өзүндө биз элдик дружина, милиция жана бажы кызматкерлеринин жардамы менен Талас боюнча рейд жүргүзөбүз», — деди Абдысеитов

Чолпон Джакупова, «Адилет» укуктук клиникасынын мүдүрү Эшматовду кармаганда күч труктуралары тарабынан укук бузуулар катталган эмес деп белгилейт.

Анын айтымында аталган борбор банги заттарын таштоону каалаган адамдардын укугун коргоо менен гана алектенет.

«Бул адам кара куурайды өстүрөт, анда ал банги затын таштоо максатын көздөгөн эмес.Биз негизинен укук бузуу иштерин карайбыз, ал эми бул учурда адамдын укугу бузулган жок», — деди Джакупова

«Мак» операциясы

ИИБ- маалыматы боюнча июнь айында кара куурай өскөн 8 гектар жер табылып, анын 5 гектары Кара-Бура районунда, калганы Манас районунда жайгашкан. Табылган кендирдин баарын чабып, өрттөшкөн.

2010-жылдын жыйынтыгында Талас облусунда огородтордо мыйзамсыз өстүрүлгөн кендирлер боюнча 24 кылмыш иши козголгон. Өткөн жылы Талас облусу боюнча 21гектар кара куурай жок кылынды.

Кендир

Кара куурай жыл сайын чыгып туруучу, адамдын мээсин айланткан химиялык элементтерди өз ичине камтыйт.

Кендирди тамеки түрүндо тартканда, ал өтө катуу эффект берип, адамдын аң-сезимин
белгилүү бир убакытка токтотуп коет. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бул банги затын
колдонууга жана өстүрүүгө тыюу салынган. Ал эми кээ бир мамлекеттерде аны сатуу
жана сатып алуу мыйзамдуу болуп эсептелет.

Бул өсүмдүктүн даарылык касиети да бар. Ал үй жаныбарларынын ич катышын кетирип,тамыры болсо ар кандай күйүк жана муун ооруларын айыктырууда, даары катары колдонулат.

Автор: Анаркан Садыралиева
Которгон: Кундуз Исмаилова