Ошто паспорттук режим киргизилгенден кийин 3000 жакын мыйзам бузуучулар аныкталды


Оштогу ИИБ- билдиргенине караганда, аймакта паспорттук режимди киргизген соң 2826 режим бузуучу аныкталды. Режимди сактабагандардан акчалай айып алынып, Оштун
коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнө 520 миң 300 сом чогулду. Бир нече чет мамлекеттик жарандар өз өлкөсүнө депортацияланганын ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Ош ИИБ- коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сыдыков, бул текшерүү учурунда 2826 режимди бузуучулар аныкталганын билдирди. Алардын 226- чет элдик жарандар түздү. Анын айтымында паспорттук режим 2011-жылдын 28-май күнү киргизилген.

Оштун ИИБ- жетекчиси Марат Оробаевдин билдиргенине караганда азыркы тапта паспорттук режим токтотулуп, кээ бир гана райондордо режим улантылып келет деди.

«Азыр парспорттук режим керектүү жерлерде, тактап айтканда Черемушки жана Шейит-Дөбө райондорунда улантылып жатат. Андан тышкары Кыргызстандын территориясында жүргөндө мөөнөтүнөн ашырып ийген 4-5 жаран өз өлкөсүнө депортацияланды, алардын көбу Кытайдын жарандары», — деп билдирди Орозбаев

«Адам укутары жана демократия борбору» коомдук фондунун мүдүрү билдиргендей, паспорттук режимди киргизген учурда аларга бир дагы жаран укук бузуулар боюнча кайрылган эмес.

«Режим учурунда укук бузуулар тууралуу эч кандай арыздар бизге түшкөн жок», — дейт Кубатбеков

Паспорттук режим

2010-жылы түштүктөгү болгон улуттар аралык конфликттин бир жылдыгына карата өлкөнүн күч структуралары ишин өтө катуу режимде алып барышты.

ИИМ- орун басары Курсан Асанов паспорттук режимдин киргизилиши региондогу коомдук-саясий акыбалды стабилдештирүү үчүн атайын киргизилген.

Ошондой эле Асанов милиция кызматкерлери эгер кызмат абалы менен пайдаланып, жарандардын укугун бузган учурар катталса, алар дароо эле министирик тарабынан жазаланып, кээ бирин иштен бошотуу да болоорун билдирди.

Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова